Бүгүн, 2026-жылдын 13-августунда, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылында 4 көчөнүн жалпы узундугу 3264 метрди түзгөн асфальттоо иштеринин расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Рустамбек уулу Советбек, Уланбек Жаанбаев, Нилуфар Алимжанова, Ноокат районундук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Нурлан Керимкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Жолдорду куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 17 миллион сом бөлүнгөн. Калган каражат айыл элинин демилгеси, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана жеке ишкер Таирбек уулу Азаматтын колдоосу аркылуу каржыланды. Долбоордун жалпы сметалык баасы 23 миллион 158 миң сомдон ашты.
Пайдаланууга берилген асфальтталган көчөлөр:
Айдаралиев Мурат көчөсү – 1060 метр
Бердибаев Токтосун көчөсү – 1317 метр
Азимбаев Каран көчөсү – 474 метр
Исраилов Шайык көчөсү – 413 метр
Жолдун ачылышында сөз сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Кенжебаев долбоордун айылдын инфраструктурасын жакшыртуудагы маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал мамлекеттик каражаттын, жергиликтүү демилгенин жана жеке ишкерлердин салымы менен ишке ашкан бул долбоор айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртып, транспорттук жеткиликтүүлүктү арттырарын айтты. «Мамлекеттин жана элдин биргелешкен аракети менен гана айылдын инфраструктурасын жакшырта алабыз. Сиздер көтөргөн ар бир маселе жергиликтүү жана аткаруу бийлигинин көзөмөлүндө болот жана аларды чечүү боюнча бардык чаралар көрүлөт», - деди А.Кенжебаев.
Белгилей кетсек, бул жолдун курулушу бул жылдын май-июнь айларында Президенттин тапшырмасы менен өткөрүлгөн Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусунда айтылган маселелердин бири болчу. Ошол кезде тургундардын көтөргөн сунуштарынын негизинде долбоорго Ош облустук өнүктүрүү фондунан 17 млн сом бөлүнүп, иштер башталган.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы