Облустук деңгээлде кеңейтилген жыйын өткөрүлдү

27.04.2026  22:13

145

Облустук деңгээлде кеңейтилген жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 27-апрель Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Кенжебаевдин төрагалыгы алдында облустук деңгээлде кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

Жыйында төмөнкү негизги маселелер каралды:

1. 2026-жылга карата жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана сугат суу менен камсыз кылуу;

2. Ветеринария тармагындагы эпизоотиялык абал, малдарды эмдөө (вакцинация) иштеринин жүрүшү жана жайлоого чыгуу мезгилиндеги ветеринардык көзөмөл.

Жыйынга өкүлдүн 1-орун басары, тиешелүү бөлүм башчысы, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын биринчи орун басарлары, ошондой эле агрардык, суу чарба жана ветеринария тармактарынын жетекчилери катышты.

Жазгы талаа жумуштары боюнча:

Белгиленгендей, 2026-жылга карата жазгы талаа жумуштары учурда активдүү фазада жүрүп, негизги айдоо иштери дээрлик ортолоп калды. Аймактарда дан өсүмдүктөрү, тоют жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери пландын негизинде уланууда.

Ошол эле учурда сугат суу маселеси өзгөчө көңүл борборунда болуп, каналдарды тазалоо, суу бөлүштүрүүнү туура уюштуруу жана дыйкандарды үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлдү.

Ветеринария тармагы боюнча:

Облустагы эпизоотиялык абал туруктуу деп бааланды. Малдарды пландуу эмдөө иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Жайлоого чыгуу мезгили башталгандыгына байланыштуу ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү, малдын саламаттыгын сактоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу маселелери өзгөчө белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге төмөнкү тапшырмалар берилди:

• жазгы талаа жумуштарын белгиленген мөөнөттөрдө толук аяктоо;

• сугат суу менен камсыздоону туруктуу көзөмөлгө алуу жана суу тартыштыгына жол бербөө;

• малдарды эмдөө иштерин өз убагында жана толук бүтүрүү;

• жайлоого чыгууда ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоо.

Ошондой эле, райондук кызматтарга жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүү жана ыкчам маалымат берүү милдеттендирилди.

****

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы