Ноокат районундагы 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

11.09.2026  13:58

36

Ноокат районундагы 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Н. Жапаровдун онлайн катышуусунда Ноокат районунун Н. Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылындагы 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.

ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ:

Жайгашкан жери: Н.Исанов айыл аймагы, Тескей-Кожеке айылы

Объекттин кубаттуулугу: 120 орундуу

Объекттин типтүүлүгү: 2 кабаттуу имарат

Объекттин өлчөмү: 41.40 х 21.20 м

Жалпы пайдалануучу аянты: 1650 м²

Финансирлөө булагы: Республикалык бюджет

Жаңы бала бакчанын башкы планында бала бакчанын имаратынан тышкары откана, көмүр сактоочу жай, 4 очколук ажаткана, көлөкө чатырлар, өрт өчүрүүчү суу кампа жана балдар үчүн оюн аянтчалары да каралган.

Бул объект Тескей-Кожеке жана ага жакын айылдардын мектепке чейинки курактагы балдары үчүн заманбап шарттарды түзүп, ата-энелердин көйгөйүн чечүүгө чоң салым кошот.

Иш-чаранын катышуучулары бул бала бакчанын ачылышы Ноокат районунун билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош облусунда жалпысынан 16 социалдык объект: 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 маданият үйү, 2 административдик имарат, 1 парк пайдаланууга берилди.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы