Медиация тармагында кызматташтык өнүктүрүлүүдө: Ош облусунда түрк тилдүү мамлекеттердин медиаторлору менен жолугушуу өттү

13.05.2026  14:56

287

Медиация тармагында кызматташтык өнүктүрүлүүдө: Ош облусунда түрк тилдүү мамлекеттердин медиаторлору менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 13-май күнү Ош облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев түрк тилдүү мамлекеттердин медиаторлор ассоциациясынын президенти Якуп Эрикель менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты – медиация тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу болду.

Жолугушууга Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов жана Улуттук медиация борборунун Оштогу филиалынын директору Авазбек Шамшиев катышты.

Жолугушууда түрк тарап менен медиация тармагын өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлгандыгы жана аны ишке ашыруу боюнча иштер башталгандыгы белгиленди. Ага ылайык, 2026-2027-жылдары 1000 медиаторду окутуу пландалууда. Окутуулар сентябрь айынан башталат.

Негизги максат – тажрыйба алмашуу, медиация институтун өнүктүрүү жана Түрк тилдүү мамлекеттердин медиаторлор ассоциациясын түзүү.

2026-жылдын октябрь-ноябрь айларында Анкарада өтө турган Ассоциациянын кийинки съездине кыргыз өкүлдөрү чакырылды. Тараптар эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилешти.

 

*****

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы