Бүгүн, 30-апрель май майрамдык күндөрүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипке өтүү боюнча саптык гарнизондун кароосу өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, гарнизондун өздүк курамына кайрылуу жасап, алдыда турган жооптуу милдеттер боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Өз сөзүндө ал май айындагы майрамдык күндөрдө эл көп чогулган жайларда, массалык иш-чараларда жана жол кыймылында коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жарандардын коопсуздугу - мамлекеттик органдардын негизги милдети экенин баса белгилеп, ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл экенин айтты.
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине коомдук тартипти сактоодо мыйзамдуулукту так кармануу, жарандар менен сылык мамиле түзүү жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга май майрамдары учурунда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн режимде иш алып баруу милдети жүктөлдү.
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштер тыкыр көзөмөлгө алынды.
****
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы