Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №52-189 сандуу буйругунун негизинде тиешелүү иш-чаралар планы иштелип чыгып, аткарууга алынган.
Аталган иш-чаралар планынын алкагында райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, башкаруу процесстеринин ачык‑айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле санариптик технологияларды кеңири колдонуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген.
Натыйжада, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө «Түндүк» электрондук системасы активдүү колдонулуп, талап кылынуучу документтердин саны кыскартылып, кызмат көрсөтүүлөр этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Жергиликтүү бюджеттер боюнча маалыматтар расмий интернет сайттарда жана маалымат такталарында жарыяланып, бюджеттик процесстердин ачык-айкындуулугу камсыздалууда.
Аталган Жарлыктын алкагында Ош облусунун аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы жүрүм‑турум стандарттары иштелип чыгып, тиешелүү тартипте бекитилген. Бул стандарттар кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту, ак ниеттүүлүктү, ачык-айкындуулукту жана коомдун ишенимин камсыздоого багытталган.
Бекитилген коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттары облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык кызматкерлерине тааныштырылып, аларды так жана милдеттүү түрдө аткаруу жүктөлгөн. Стандарттардын талаптарын сактоо кызматтык дисциплинанын жана жоопкерчиликтин негизги шарттары катары белгиленген.
Мындан тышкары, жер ресурстарын эсепке алуу, санариптик реестрлерди түзүү, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирүү багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы жылдык иш‑пландар бекитилип, алардын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, акы төлөнүүчү кызматтар жана тарифтер тууралуу маалыматтар жалпыга жеткиликтүү жайларга жана жергиликтүү маалымат каражаттарына жайгаштырылган. Райондук мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишеним телефондору, арыз-кат кутучалары жана маалымат бурчтары уюштурулган.
Коррупцияга каршы иш-чаралар кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө, коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүүгө жана укуктук-экономикалык механизмдерди өркүндөтүүгө багытталган. Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана минималдаштыруу иштери тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016‑жылдын 18-майындагы №281 буйругуна ылайык, коррупциогендик кызмат ордуларын жана коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу иштери аткарылып, алардын тизмелери жыл сайын актуалдаштырылууда. Бул багытта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн атайын окутуу‑семинарлар уюштурулган.
Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишмердүүлүгү жеринен текшерилип, аныкталган кемчиликтер Координациялык кеңешмелерде каралып, тиешелүү тапшырмалар берилген.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин №137 Жарлыгы менен бекитилген иш-чаралар планы Ош облусунун аймагында туруктуу жана системалуу түрдө аткарылып жаткандыгы маалымдалат.