КР Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет комитетинин көчмө жыйыны Ош шаарында өттү

13.10.2026  17:56

85

КР Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет комитетинин көчмө жыйыны Ош шаарында өттү

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү. Жыйынды комитеттин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев жетектеди.

Жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, Ош облусуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы жана 2027-жылга бюджеттин долбоору боюнча баяндама жасады.

Күн тартибинде республикалык бюджетке байланыштуу маселелер каралды. Анын ичинде 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Ош облусу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар, алардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы, ошондой эле аталган каражаттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселе талкууланды.

Бул багыт боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев баяндама жасады.

Ошондой эле 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджеттин долбоорунун алкагында Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каржылык камсыздоо маселелери боюнча угуулар болду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Финансы, Өзгөчө кырдаалдар, Курулуш, Транспорт, Энергетика, Агартуу, Саламаттык сактоо министрликтеринин, Эсептөө палатасынын, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы