КР Президентинин Жарлыгына ылайык, Ош облусунда республикалык команда-штабдык машыгуу башталды

23.09.2026  12:32

68

КР Президентинин Жарлыгына ылайык, Ош облусунда республикалык команда-штабдык машыгуу башталды

2026-жылдын 23-сентябрында Ош облусунда “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети” темасында республикалык команда-штабдык машыгуу башталды.

Үч күнгө белгиленген машыгууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Алмаз Асанов, ошондой эле Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышууда.

Машыгуунун ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө машыгуунун негизги максаты — табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты текшерүү, Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү экенин белгиледи.

Ошондой эле Аманкан Кенжебаев өзгөчө кырдаал жаралган учурда калктын коопсуздугун камсыз кылууда мамлекеттик органдардын, кызматтардын жана уюмдардын ыкчам жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү маанилүү экенин белгиледи.

Команда-штабдык машыгуунун жүрүшүндө жер титирөө коркунучу жаралган жана өзгөчө кырдаал катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракеттери практикалык жактан текшерилип, күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгына, башкаруу жана координациялоо иштерине баа берилет.

Республикалык команда-штабдык машыгуу 2026-жылдын 25-сентябрына чейин уланат.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы