Кара-Суу районунда жаңы заманбап спорт зал ачылды

27.04.2026  22:04

236

Кара-Суу районунда жаңы заманбап спорт зал ачылды

Бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын Мөнөк айылында Дадан Султанов атындагы негизги мектебинин спорттук залы ачылды.

Ачылыш аземине Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Спорт зал айыл элинин, айрыкча окуучулардын суроо талабы боюнча калктын ден соолугун чыңдоо, алардын сергек жашоосу үчүн кам көрүү максатында республикалык бюджеттин эсебинен сметалык баасы 22 млн 750 миң сом акча каражатына курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

****

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы