Чоң-Алайда “Миң-Жар” каналы ишке кирди: 1000 гектардан ашык жер сугат суу менен камсыз болот

21.08.2026  16:24

110

Чоң-Алайда “Миң-Жар” каналы ишке кирди: 1000 гектардан ашык жер сугат суу менен камсыз болот

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө “Миң-Жар” ирригациялык каналынын ачылыш аземи болуп өттү.

Жалпы узундугу 5,4 км болгон каналдын курулушуна 6,8 млн сом жумшалды. Анын эсебинен Кашка-Суунун 1082,25 гектар жайыты сугат айдоо жерге айланып, 8 суу бөлүштүргүч аркылуу дыйкандарга суу берилет.

Иш чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, каналды аймактын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодогу чоң кадам деп баалады.

Долбоор Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен, “Бай-Таш Констракшн” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылган.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы