Араванда элдин көйгөйү чечилди: Керме-Тоо айыл аймагына атайын техникалар жана окуучулар үчүн кичи автобус тапшырылды

01.10.2026  14:45

59

Араванда элдин көйгөйү чечилди: Керме-Тоо айыл аймагына атайын техникалар жана окуучулар үчүн кичи автобус тапшырылды

Бүгүн, 1-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына атайын иш сапары менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан айыл өкмөтүнүн балансына 3 даана техниканын ачкычы тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Араван эли менен болгон жолугушуусунда, Керме-Тоо айыл аймагынын бийик тоолуу Кичик-Алай айылынын тургундары мектеп окуучулары 4 чакырымдан 9 чакырымга чейинки аралыкты жөө басып билим алууга барып жаткандыгын айтып, окуучуларды ташуу үчүн кичи автобус суранышкан.

Аталган маселени чечүү үчүн Араван райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 500 миң сом каралып, тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыгында баасы 1 млн 400 миң сомго 20 орундуу Mercedes-Benz Sprinter Classic үлгүсүндөгү кичи автобус сатылып алынды. Бүгүнкү күндөн тарта Кичик-Алай айылынын окуучулары мектепке ушул автобус менен ташылат.

Мындан сырткары, Дүйнөлүк банк тарабынан АРИС программасынын негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө 27 чакырым аралыктан таза суу тартылып келген. Бул таза сууну элге үзгүлтүксүз берүү жана алдыда боло турган оңдоп-түзөө иштерин аткаруу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан айыл өкмөтүнө кошумча техникалар берилди:

Тапшырылган техникалар:

1. Араван райондук өнүктүрүү фонду тарабынан – баасы 1 млн 400 миң сом болгон 1 даана кичи автобус;

2. Дүйнөлүк банктын АРИС программасынын негизинде – баасы 3 млн 500 миң сом болгон 1 даана ассмашина;

3. Дүйнөлүк банктын АРИС программасынын негизинде – баасы 3 млн 500 миң сом болгон 1 даана экскаватор.

Жалпысынан 8 млн 400 миң сомдук техникалар айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы