Араван районунда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

11.09.2026  11:05

30

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Н. Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунда 16 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын бири — КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Араван району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имараты.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Араван районунда Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана №64 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ардактуу коноктор жана мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Заманбап талаптарга жооп берген жаңы имаратта өздүк курам үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, кызматтык бөлмөлөр, окуу класстары, ашкана, душ бөлмөлөрү жана башка кызматтык-тиричилик жайлары каралган.

Акыркы жылдары Араван районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында да бир катар иштер аткарылды. Бөлүмгө жаңы өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу автоунаалар берилген.

Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши куткаруучулардын кызмат өтөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана Араван районунун калкынын коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош облусунун аймагында жалпысынан 16 социалдык объект пайдаланууга берилди: 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 маданият үйү, 2 административдик имарат жана 1 парк.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы