Бүгүн, 12-август күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында кезексиз аппараттык жыйын болуп өттү.
Жыйындын күн тартибинде 6 маселе каралды. Анда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө, ошондой эле бир катар маанилүү долбоорлордун ишке ашырылышына байланыштуу маселелер талкууланды.
Күн тартибиндеги негизги маселелер:
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.
«100 өнөр жай ишканасы – 2026» долбоорунун алкагында даярдыктар: 31-августка белгиленген ачылышка даярдалып жаткан 9 ишкананын жана социалдык объектилердин абалы жөнүндө маалымат берилди.
Ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Кенжебаев 31-августка чейин ачыла турган ишканалардын документ иштери толук бүткөрүлүп, ачылууга тоскоолдук жаратпоосун камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жер мунапысы: Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан жер мунапысы боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө маалымат берилди.
Күз-кыш мезгилине даярдык: Экономика тармактарын жана калкты 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча маселе каралды.
Жарандардын кайрылуулары: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы иш сапары учурунда жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн жарандар менен жолугушууларында түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылуулар боюнча маалымат берилди.
Аткарылган иш-чаралар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн буга чейинки иш-чаралар пландарынын аткарылышы жөнүндө отчет берилди.
Жыйынга облустук мамлекеттик органдардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдер, алардын орун басарлары катышышты.
Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү тапшырмалар берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы