Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында кеңейтилген жумушчу жыйын өткөрүлдү

20.05.2026  19:13

324

Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында кеңейтилген жумушчу жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 20-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында кеңейтилген жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Ош облусунун прокурорунун орун басары Алтынбек Аттокур уулу, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдердин биринчи орун басарлары, райондук прокуратура органдарынын өкүлдөрү, архитектура жана кадастр мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы №364 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча Ош облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер кеңири талкууланды.

Жыйындын алкагында айрым аймактарда жер мунапысын жүргүзүүдө жаралып жаткан көйгөйлөр жана тоскоолдуктар талданып, аларды чечүү боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле архитектура, кадастр жана прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, документтештирүү иштерин тездетүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө райондук комиссиялардын төрагалары тарабынан прокуратура органдарына бир катар суроолор берилип, аларга тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.

Жыйындын жыйынтыгында жер мунапысын жүргүзүү иштерин күчөтүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана белгиленген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө сапаттуу аткаруу боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.

*****

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы