Аманкан Кенжебаевдин Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын тургундары менен жолугушуусу

13.05.2026  14:52

187

Аманкан Кенжебаевдин Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын тургундары менен жолугушуусу

12-май күнү Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Көк-Жар айыл аймагында өткөргөн жыйынды ийгиликтүү жыйынтыктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар облус башчысына бир катар маанилүү маселелерди, анын ичинде:

💧Таза суу маселеси: Айыл тургундары таза суу менен туруктуу камсыз кылуу жаатындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү.

🛣️ Жолдорго камера орнотуу: Коопсуздукту жогорулатуу максатында, жолдорго видеокамераларды орнотуу демилгеси каралды. Бул чара жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана кырсыктардын алдын алууга жардам берет.

🏞️ Туристтик зоналарды өнүктүрүү: Аймактын туристтик потенциалын ачуу жана жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды. Туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, жаратылыш кооз жерлерин жарнамалоо аркылуу жергиликтүү экономиканы бекемдөөгө багытталган пландар талкууланды.

Аялдардын коомдогу орду: Аялдардын укуктарын коргоо, билим алуусун жана коомдо активдүү катышуусун колдоо боюнча маселелер көтөрүлдү. Алардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган чаралар белгиленди.

Мындан тышкары, тургундар жергиликтүү маанидеги башка да актуалдуу көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүү боюнча сунуштарын беришти.

Облус башчысы Аманкан Кенжебаев көтөрүлгөн ар бир маселени дыкат карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ал тургундар менен тыгыз байланышта болууга жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Эл менен жолугушуу улантылат:

Ноокат району

14.05.2026-ж. саат 10:00

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жаңы-Ноокат айылындагы Амир-Темур атындагы орто мектебинин жыйындар залы

14.05.2026-ж. саат 13:30

Бел айыл аймагынын Кайрагач айылындагы Ой-Талаа орто мектебинин жыйындар залы

14.05.2026-ж. саат 16:00

Ноокат шаарындагы А. Абдувоитов атындагы орто мектебинин жыйындар залы

*****

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы