Аманкан Кенжебаев: Жарандардын ар бир маселеси көзөмөлдө болот

28.07.2026  18:50

561

Аманкан Кенжебаев: Жарандардын ар бир маселеси көзөмөлдө болот

Бүгүн, 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жарандардын жеке маселелери боюнча кабыл алуу өткөрдү.

Кабыл алуу саат 14:00дө башталып, 18:30га чейин созулду.

Кабыл алууга 35 жаран кайрылып, ар кандай маселесин көтөрдү.

Жарандар тарабынан көтөрүлгөн негизги маселелер:

1. Жер маселеси: Жеке менчиктеги жер тилкелерин мыйзамсыз документтештирип алуу жана жер талаш маселелери;

2. Социалдык инфраструктура: Айылдарда жаңы мектеп куруу жана кичи автобус каттамдарын уюштуруу маселелери;

3. Саламаттык сактоо: Дарыкана жана ооруканаларга барганда жарандарды тийиштүү деңгээлде кабыл албоо фактылары;

4. Материалдык жардам: Турмуш шарты оор жарандардын материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчтөрү;

5. Сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу маселелер: Соттук териштирүүлөргө, укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине байланыштуу даттануулар жана кайрылуулар;

6. Ишкердик: Тоок фермасын иштеткен жарандын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кайрылуусу;

7. Жана башка дагы көптөгөн жеке маселелер.

Ыйгарым укуктуу өкүл бардык кайрылган жарандарды жеке өзү кабыл алып, ар бир маселени көңүл сыртында калтырбай, ар бирине көңүл буруп, чечүү жолдорун издөө боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди. Чечилиши мүмкүн болгон маселелер дароо чечилип, калгандары боюнча облустагы тийиштүү жетекчилерге, район акимдерине жана айыл өкмөт башчыларына конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.

Аманкан Кенжебаев жарандардын ар бир кайрылуусу көзөмөлгө алынаарын жана аткарылышы катуу көзөмөлдөнөөрүн белгиледи.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы