Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 70тей жарандын кайрылуусун кабыл алды. Облустун 7 районунан келген тургундар жеке мүнөздөгү көйгөйлөрүн да кошо айтышты. Саат 14:00дө башталган кабыл алуу саат 19:30га чейин уланып, ыйгарым укуктуу өкүл ар бир кайрылууну кылдаттык менен укту.
Кабыл алууда көтөрүлгөн негизги маселелер төмөнкүлөрдү камтыды:
Турак жай маселеси: Жарандар жеке турак жай куруу, батир алуу боюнча кезекке туруу жана башка ушул сыяктуу турак жай менен байланышкан өтүнүчтөрүн билдиришти.
Айылдын инфраструктурасы: Айыл ичиндеги жолдорду асфальттоо, оңдоо иштеринин жүргүзүлүшү жана инженердик коммуникацияларды жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.
Жер маселеси: Жер тилкесине мамлекеттик акт (кызыл китеп) алуудагы кыйынчылыктар, документтерди мыйзамдаштыруу, ошондой эле жерди мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча даттануулар каралды.
Материалдык жардам: Турмуштук оор кырдаалда кабылган жарандар материалдык жардам сурап кайрылышты.
Жеке маселелер: Мындан тышкары, жарандар үй-бүлөлүк, социалдык, укуктук мүнөздөгү жеке көйгөйлөрүн да айтып беришти. Алардын айрымдары жеке жардам суранышты.
Кабыл алуунун жыйынтыгында, Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча, анын ичинде жеке мүнөздөгү кайрылуулар боюнча да тиешелүү мамлекеттик органдарга, район акимдерине же башка жооптуу кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмаларды берди. Аткаруу учурунда жарандардын айрым маселелери ошол жерден чечилип, ал эми калган көйгөйлөр жеке көзөмөлгө алынды.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы