Аманкан Кенжебаев VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына катышты

10.08.2026  09:37

63

Аманкан Кенжебаев VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына катышты

2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына катышты.

Иш-чаранын алкагында өткөн пленардык жыйында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө макулдашуулардын кол коюлган түп нускаларын салтанаттуу алмашуу аземи болуп өттү.

Аземдин жүрүшүндө Ош облусу менен Россия Федерациясынын Иркутск облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуунун кол коюлган папкалары расмий түрдө алмашылды.

Бул макулдашуу эки аймактын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай, айыл чарба, логистика, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка багыттардагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар кол коюлган документ эки аймактын өз ара пайдалуу өнөктөштүгүн бекемдеп, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана аймактар аралык байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга кызмат кыларын белгилешти.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн басма сөз кызматы