Бүгүн, 1-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Токио-2020 Олимпиадасынын күмүш медалынын, Париж-2024 Олимпиадасында коло медалдын ээси, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш боюнча көп жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери Акжол Махмудовду жана жеке машыктыруучусу - КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды.
Жолугушууда Аманкан Кенжебаев Акжол Махмудовдун жетишкендиктери менен куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерине ийгилик каалады. Ошондой эле, спортчунун келечектеги пландары тууралуу пикир алышып, облус жетекчилиги ар дайым колдоо көрсөтө турганын айтты.
"Сиздей мекендин желегин желбиреткен, дүйнө аренасында кыргыздын даңазасын чыгарган спортчулар менен сыймыктанабыз. Сиздин эмгегиңиз, эрдигиңиз жаш муунга чоң үлгү. Алдыдагы мелдештериңизде да ийгилик жаратып, байге ээлеринин катарынан көрүнөсүз деген терең ишеничтебиз", - деди Аманкан Кенжебаев.
Өз кезегинде Акжол Махмудов жылуу кабыл алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы мелдештерде дагы Кыргызстандын желегин бийик көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.
Жолугушуунун соңунда ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Кенжебаев Акжол Махмудовго 100 миң сомдук сертификат, жеке машыктыруучусу Мейрембек Ахмедовго 50 миң сомдук сертификат тапшырып, алдыдагы мелдештерине чоң ийгиликтерди каалады.
Маалымат үчүн: Кыргызстандык спортчу ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Дүйнө чемпиону (2022, 2023) Азия чемпиону (2018, 2022,2023), Азия оюндарынын (2023) алтын, (2018) күмүш жана Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш медалынын ээси. 2024-жылы Париж Олимпиадасында коло медалдын ээси болгон. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы спорт чебери. Ош облусунун Араван районунун тургуну.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусу боюнча өкүлүнүн басма сөз кызматы