Аманкан Кенжебаев Корея Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушту

30.04.2026  18:17

144

Аманкан Кенжебаев Корея Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушту

Бүгүн, 30-апрель КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Корея Республикасынан келген “CNA-Energy INC” компаниясынын өкүлдөрү Han Byung Heon жана ChoiByoung Euk мырзалар менен жулугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагына кубаттуулугу 300м2 тан 500 м2 чейинки логистикалык борбор жана кубаттуулугу 0,75 МВт болгон чакан ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр талкууланды.

Андан сырткары, аталган логистикалык борбор жана чакан ГЭС гранттык система менен ишке ашып, курулуштар аяктаганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына бекер өткөрүп берүү жага сүйлөшүлдү.

****

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы