Бүгүн, 9-сентябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев “ЭлТР” МТРКнын «Учур маселеси»
программасынын талкуусуна катышып, 2026-жылдын 31-августунда Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин жыйынтыктарын жана алардын Ош облусу үчүн маанисин кеңири чагылдырды.
Талкуунун борбордук темасы КР Президенти Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин эки тараптуу жолугушуусу жана анын жыйынтыгында кол коюлган документтер болду.
Анын ичинде Ош облусу менен Кытайдын Сычуань провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу өзгөчө баса белгиленди. Эксперттер бул келишим Ош облусуна инвестиция тартуу, сооданы кеңейтүү жана аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бекем негиз түзөрүн белгилешти.
Аманкан Кенжебаев: “ШКУ саммити Ош облусу үчүн чоң эшик ачты. Эми биз Сычуань провинциясы менен түз кызматташып, айыл чарба, өнөр жай жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырабыз”, - деди.
Талкууга, КР ТИМдин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жетекчисинин орун басары Сулайман Примкулов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, экономика илимдеринин кандидаты, эксперт Эрлан Камалов жана ЖМК өкүлү Азамат Абсаттаров катышты.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы