Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин калк менен иштөөсүн жакшыртуу жана жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу боюнча» №181 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунун тургундарын көчмө жеке кабыл алат.
6-октябрь, саат 10:00дө
Өткөрүлүүчү жер: Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Кабыл алууда жарандардын кайрылуулары, көйгөйлөрү жана сунуштары түздөн-түз угулуп, аларды чечүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы