Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунда жарандарды кабыл алды

06.10.2026  17:03

361

Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунда жарандарды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн, 6-октябрда Чоң-Алай районунда көчмө жеке кабыл алуу өткөрдү.

Кабыл алууга келген 35 жаран айылдардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө, мектеп жана бала бакча курууга, көпүрө салууга, таза суу жана сугат суу маселелерин чечүүгө байланыштуу көйгөйлөрүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маселелерин ортого салышты.

Кайрылуулардын бир бөлүгү жеринде чечилип, калган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынды.

Белгилей кетсек, көчмө жеке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин калк менен иштөөсүн жакшыртуу жана жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу боюнча» №181 Жарлыгынын негизинде уюштурулду.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы