Бүгүн, 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин катышуусунда Араван районунун 16 көп балалуу энесине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-майындагы №161 «Кыргыз Республикасындагы көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана №162 «Эне данкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктарынын негизинде өткөрүлдү.
Анын жыйынтыгында 12 энеге «Баатыр эне» ордени, 4 энеге «Эне данкы» медалы ыйгарылды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Араван районунда 615 «Баатыр эне» болгон. Бүгүнкү сыйлык тапшыруу аземи менен алардын саны 631ге жетти.
Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө энелердин үй-бүлөнүн бекемдигин жана мамлекеттин келечегин камсыз кылууда кошкон зор салымын белгилеп, баарына бекем ден соолук жана бакыт каалады.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы