Бүгүн, 30-сентябрь Ош шаарында Ош облустук сотунун демилгеси менен аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө арналган форум өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Джекшенбекович, облустун райондук сотторунун төрагалары, район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана аксакалдар сотторунун төрагалары катышты.
Аманкан Кенжебаев сөзүндө аксакалдар институтунун коомдогу орду өзгөчө экенин, алардын калыстыгы бейпилдиктин кепилдиги экенин белгиледи. Форумдун максаты — аксакалдар сотторунун ишин жаңы деңгээлге көтөрүү, көйгөйлөрдү аныктоо жана мамлекеттик органдар менен кызматташууну күчөтүү.
Ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аксакалдар сотторуна материалдык-техникалык жактан шарт түзүп берүү милдетин койду. Жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы