Бүгүн, 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2-жарым жылдыкка карата милдеттери боюнча өткөн коллегиялык жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө райондун учурдагы абалы жана алдыдагы приоритеттүү милдеттер кеңири талкууланды.
Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө төмөнкү маселелерди көтөрүп, тийиштүү тапшырмаларды берди:
1. Инфраструктура: Достук айыл аймагындагы бүтпөй жаткан тротуарлардын курулушу боюнча жумуштарды тездетүү зарылдыгын белгиледи.
2. Энергетика: Калктын кызыкчылыгын көздөп, жеке менчиктеги трансформаторлорду мамлекеттик баланс - РЭСке өткөрүп берүү маселесин чечүү боюнча айыл өкмөт башчыларына конкреттүү тапшырма жүктөдү.
3. Билим берүү: Райондо экономикалык көрсөткүчтөр жакшы болгонуна карабастан, билим берүүнүн сапаты артта калгандыгын сынга алып, бул багыттагы ишти күчөтүүнү тапшырды.
4. Турак жай курулушу: Райондо калктын турак жай маселесин чечүү максатында 8 гектар жер аянтына көп кабаттуу турак үй куруу боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания менен сүйлөшүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйынтыктап жатып, ыйгарым укуктуу өкүл “Алдыда дагы чоң жетишкендиктерге жетебиз. Негизгиси айтылган бардык тапшырмалар кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө аткарылышы керек" - деп баса белгиледи.
Жыйынга Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Эркимбаев, анын орун басарлары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана бардык айыл өкмөт башчылары катышты.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы