Алай районунун Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүлдү

30.04.2026  18:11

107

Алай районунун Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүлдү

2026-жылдын 28-апрелинде саат 16:45 чамасында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

29-апрель Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жеринде болуп, тиешелүү кызматтарга ыкчам тапшырмаларды берди.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, ошондой эле райондук жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 388 кызматкер, 23 техника (анын ичинен 12 инженердик жана 11 жеңил техника) жана 5 мотопомпа тартылды. Анын ичинде КР ӨКМ тарабынан 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника иш алып барууда.

Кырсык болгон аймакта координациялоо иштерин КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Искендер Сулайманов жүргүзүүдө.

Сел суулары 92 турак жайга зыян келтирген. 17 үйдүн жер төлөсүнө, 71 үйдүн короосуна жана 4 сарайга суу кирип, 4 социалдык объектке (2 мектеп, 1 калкты тейлөө борбору жана 1 музей) зыян келтирилген.

****

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы