31-август — Эгемендүүлүк күнү Алай районунда салтанаттуу белгиленди

31.08.2026  10:25

21

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 35 жылдыгына карата Ош облусунун бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Облустун жети районунда эгемендик майрамы жогорку деңгээлде белгиленди.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев Алай районундагы майрамдык салтанатка катышып, элди эгемендиктин 35 жылдыгы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө эгемендүүлүктүн маанисин, өлкөнүн өнүгүү жолундагы жетишкендиктерин белгилеп, элге тынчтык, биримдик жана гүлдөп-өнүгүү каалоосун билдирди.

Майрамдык иш-чарага Алай районунун акими Адыл Сапаров жана райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, аксакалдар, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында концерттик программа көрсөтүлүп, улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулду. Майрамдык маанай элдин биримдигин жана мекенчилдигин даңазалады.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы