2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселелери облустук штабда талкууланды

10.09.2026  18:05

31

2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселелери облустук штабда талкууланды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселелери боюнча облустук штабдын кезектеги аппараттык жыйыны болуп өттү.

Жыйынга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнист Толтоев, облустук штабдын мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле облустун аймагындагы көмүр казып-чыгаруу жана сатуу менен алектенген ишкерлер катышты.

Жыйында социалдык объектилерди жана калкты отун-энергетикалык ресурстар, өзгөчө көмүр менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Аманкан Кенжебаев тиешелүү жетекчилерге төмөнкү тапшырмаларды берди:

Мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды сапаттуу көмүр менен өз убагында камсыз кылуу;

Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү — аба ырайы ыңгайлуу жана баа арзан учурда отун камдап алуу;

Райондордо жана шаарларда калкка ыңгайлуу көмүр сатуучу базаларды уюштуруу, бааларды көзөмөлдөө;

Жылытуу казандарын күз-кышка чейин толук текшерип, оңдоп даярдоо;

Көмүр өндүрүүчү ишкерлерге — көмүрдүн баасын негизсиз көтөрбөө, сапатын жана үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылуу.

“Бардык даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүп, отун жетишсиздигине жол бербөө зарыл. Бул иштер туруктуу көзөмөлдө болот”, — деп белгиледи А. Кенжебаев.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде калкты жана экономиканын тармактарын үзгүлтүксүз жылуулук жана отун менен камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү милдеттери жүктөлдү.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы