title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

 

 

22 января 2010 года телеобращение Президента Кыргызской Республики Курманбека Бакиева о созыве Курултая согласия.

 

Уважаемые соотечественники!

Наша страна вступила в новую фазу своего развития, и наступивший 2010 год должен стать переломным этапом в новейшей истории Кыргызстана. Именно нам, сегодняшнему поколению народа Кыргызстана, выпала историческая миссия не только сохранить, но и поднять страну на новую, более высокую ступень развития.

В условиях стремительно изменяющегося мира мы четко осознаем, что наша страна стоит на пороге новых глобальных вызовов и проблем, успешное решение которых требует участия всех сообществ через своих представителей. Не секрет, что глобализация может грозить, прежде всего, территориальной целостности, национальной и культурной самобытности таких маленьких государств, как Кыргызстан. В этой связи назрела необходимость обеспечения общенационального диалога в целях сплочения всех национальностей и этносов вокруг кыргызской нации, достижения межэтнического и межрелигиозного согласия ради будущего страны.

Как вы знаете, в Курсе Президента на обновление страны было озвучено создание Курултая Согласия как общенационального совещательного органа, призванного обеспечить гражданскую консолидацию и баланс интересов и возможностей при принятии решений государственной важности. Эта идея уже претворяется в жизнь — подготовлено положение о Курултае Согласия. Сегодня я подписал Указ о проведении Курултая в марте этого года — в дни празднования Нооруза.

В этот общенациональный совещательный орган, который объединит авторитетных членов общества, всего войдут 750 делегатов: на местных курултаях будет избрано по одному делегату от 441 айыльного округа и 18 поселковых управ, по три делегата от каждого из 23 городов районного и областного значения, десять от города Бишкек и семь от города Ош.

Кроме того, в делегаты Курултая будет избрано 35 наших соотечественников из числа тех, кто находится за рубежом в трудовой миграции. Ещё 20 делегатов Курултая изберут от религиозных конфессий.

Пятая часть посланцев Курултая, или 150 участников, будут представлены на общенациональном форуме по квоте Президента — из числа видных общественных деятелей, научной и творческой интеллигенции, а также представителей этнокультурных объединений.

Словом, есть уверенность, что делегатов Курултая изберут истинно демократическим путем, чтобы они могли полнокровно представлять интересы всех слоёв общества.

На Курултае предполагается рассмотреть поистине судьбоносные вопросы, такие, как обеспечение территориальной целостности государства, сохранение и развитие культурного наследия, экологии, повышение уровня образования населения, забота о будущем государственного языка и здоровье нации. Я надеюсь, что предложения и советы делегатов, которые каждый день сталкиваются с проблемами от местного до общенационального значения, будут способствовать принятию мудрых государственных решений.

Я верю, что с помощью Курултая Согласия будет заложен прочный фундамент конструктивного диалога между властью и гражданским обществом, а это, в свою очередь, создаст условия для укрепления единства, мира и согласия в обществе.

Уважаемые соотечественники!

Мы, как и многие другие страны, сталкиваемся со сложными проблемными вопросами, и каждая страна пытается решать их исходя из своих условий, истории и представлений о будущем. То есть заимствовать готовые решения не откуда.

Поэтому остается один путь — привлечь совокупный интеллект и опыт народа. Нам не нужен еще один декоративный орган, имитирующий демократию. Нам нужен реальный анализ ситуации и диалог разных социальных и этнических групп. Поэтому прошу обратить особое внимание на выдвижение в состав Курултая тех людей, которые действительно представляют волю и мудрость нашего народа.

Я прошу вас делегировать на Курултай Согласия подлинно патриотичную молодёжь, всей душой болеющую за нашу Отчизну, и уважаемых всеми аксакалов, радеющих о судьбе народа и родной страны. Курултай должен стать на деле той сердцевиной, которая сплотит вокруг кыргызского народа всех кыргызстанцев, всех, для кого Кыргызстан — единая и единственная Родина. И я уверен, что мы с вами непременно добьемся поставленных целей.


Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Кыргызстандын элине Ынтымак курултайын чакыруу жөнүндө КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу мекендештер!

Өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолунда кезектеги баскычты аттады. Эми 2010-жыл Кыргызстандын жаңы тарыхында бурулуш мезгил болуп калууга тийиш. Өлкөбүздү сактап гана калбастан, аны жаңы белеске чыгаруу боюнча тарыхый озуйпа дал бизге, Кыргызстан элинин бүгүнкү муунуна буюруп отурат.

 Дүйнөнүн тынымсыз өзгөрүлмө шартында биздин өлкө жаңы глобалдык көйгөйлөр менен проблемалардын босогосунда турганы белгилүү. Өлкөдөгү бардык жамааттардын катышуусу аркылуу гана аларды ийгиликтүү чече аларыбызды биз терең түшүнөбүз. Ааламдашуу биринчи кезекте Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттердин улуттук жана маданий өз алдынчалыгына коркунуч туудурушу мүмкүн экени жашыруун эмес.

 Буга байланыштуу бардык улуттар менен этносторду кыргыз улутунун айланасына баш коштуруу максатында жалпы улуттук баарлашууну камсыз кылуу, өлкөбүздүн келечеги үчүн этникалык жана диний аралык ынтымакка жетишүү зарылдыгы бышып жетилди. Президенттин Жаңылануу багытында мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда атуулдук ынтымак-ырашкерликке жана ой-мүдөөлөрдүн теңсалмагына жетишүү үчүн улуттук кеңешме орган катары Ынтымак Курултайын түзүү жөнүндө айтылганын сиздер билесиздер. Ошол тилек орундалып, Ынтымак Курултайынын жобосу даярдалды.

Бүгүн мен Курултайды март айында  — Нооруз майрамына аралаш өткөрүү жөнүндөгү  Жарлыкка кол койдум. Эл-журт ичинде абройлуу адамдардын башын кошо турган бул жалпы улуттук акыл-кеңеш жыйынына  баш-аягы 750 делегат кирет. 441 айыл округунан жана 18 шаарчадан бирден делегат, райондук жана облустук маанидеги 23 шаардын ар биринен үчтөн делегат, Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан жети делегат жергиликтүү курултайлар аркылуу шайланып келишет.

Мындан тышкары Курултайга чет жактагы эмгек мигранттарыбыздан 35 делегат шайланат. 20 делегат болсо диний конфессиялардан шайланып келишет. Ал эми Курултайдын делегаттарынын бештен бир бөлүгү, же 150 делегат Президенттин квотасы аркылуу көркөм өнөр, маданий, илимий, билимий, медицина, бизнес жамааттарынын аттуу-баштуу өкүлдөрүнөн,  белгилүү коомдук ишмерлерден жана нукура кесипкөй адамдардан, ошондой эле этномаданий бирикмелердин өкүлдөрүнөн куралмакчы.

 Ток этер жерин айтканда, коомдун бардык катмарларынын ой-мүдөөлөрүн билдире ала тургандар нукура демократтык жол менен Курултайга делегат болуп шайланат деген ишеним бар.

Курултайда өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, маданий мурастарды, экологияны сактоо жана өнүктүрүү, эне тилибиздин келечегине,  улутубуздун ден соолугуна, билим деңгээлинин өсүшүнө кам көрүү сыяктуу тагдыр чечерлик маселелер каралмакчы.

Жер-жерлерден тарта улуттук деңгээлге чейинки көйгөйлөр менен күнүгө аралашып жүргөн делегаттардын сунуштары менен кеңештери мамлекеттик көсөм чечимдерди кабыл алууга көмөкчү болот деп үмүт артып турам.

Ынтымак Курултайы аркылуу бийлик менен жарандык коомдун ортосунда жаратмандык алака-катышка бекем негиз салынып, анын артынан коом ичинде ынтымак-ырашкерликти жана биримдикти бекемдөөгө шарт түзүлөөрүнө  мен ишенем.

Кадырман калайык-калк!

Башка көптөгөн мамлекеттер сыяктуу эле биз да татаал маселелерге туш келип жатабыз. Ар бир өлкө ал маселелерди өз шартына, тарыхына жана келечек жөнүндө түшүнүгүнө жараша чечүү аракетин жасоодо. Мындайча айтканда, көчүрүп алгыдай даяр чечимдер эч жерде жок. Ошондуктан элибиздин акыл-ою менен тажрыйбасына гана таянуу керек.

Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык жана этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек. Ошондуктан элибиздин эрки менен акыл-оюн боюна сиңирген адамдарды Курултайга көрсөтүү жагына көңүл бургум келет.

Ынтымак Курултайына эл-жер деп күйгөн жалын жүрөк азаматтарды, журтуна кадыры өткөн акылкөй карыяларды шайласаңыздар деп өтүнөм. Курултай иш жүзүндө бүт кыргызстандыктарды, Кыргызстанды өзүнүн бирден бир Мекени деп сезгендерди кыргыз элинин тегерегине бириктирүүнүн ордосу болуп калууга тийиш. Биз биргеликте алдыбызга койгон максаттарга жетерибизге терең ишенем. Бар бололу, бир бололу, азиз мекендештерим!

 

21-январь 2010-жыл

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg