2009-жылдын январь-декабрь айларында Ош облусунун райондорундагы
салыктардын жана жыйымдардын чогултулушу боюнча маалымат
2009-жылдын январь-декабрь айларында Ош облусу боюнча берилген
610567,0 миң сомдук болжол-пландын ордуна 652979,2 миң сомдук
салыктар жана жыйымдар чогултулуп, болжол-план 106,9%
аткарылды же бюджетке 42412,2 миң сом кошумча чегерилди.
2009-жылдын январь-декабрь айларына карата болжол-планды
облустун бардык райондору аткарышты. Алай району боюнча 3981,0
миң сомго, Араван – 5932,0 миң сомго, Кара-Кулжа – 4599,1 миң
сомго, Кара-Суу – 2922,5 миң сомго, Ноокат – 13623,3 миң сомго,
Өзгөн – 10481,8 миң сомго жана Чоң-Алай району боюнча 872,5 миң
сомго салыктар жана жыйымдар көп чогултулган.
Республикалык бюджетке 217395,7 миң сомдук болжол-пландын ордуна
227464,0 миң сом чогултулуп, болжол-план 104,6% аткарылган же
республикалык бюджетке кошумча 10068,3 миң сом чегерилген.
Бирок, салыктарды жана жыйымдарды чогултуунун болжол-планын
Кара-Суу району – 6605,8 миң сомго (91,9%) аткарган эмес.
2009-жылдын январь-декабрь айларына карата жергиликтүү бюджетке
425515,2 миң сом чогултулуп, болжол-план 108,2% аткарылды же
бюджетке кошумча 34395,1 миң сом чегерилди.
Б.Жолдошев
главный специалист отдела финансов
государственной администрации Ошской области