title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

 

21 января 2010 года в районах Ошской области проведены коллегии райгосадминистраций.

Губернатордун катышуусунда

 РАЙОНДОРДО КОЛЛЕГИЯЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Облус аймагындагы бардык тармактардын жүргүзгөн иш аракеттеринин жыйынтыктары боюнча толук маалымат алып, жетекчилер менен жолугушууларды өткөргөн Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Мамасадык Бакиров 18-январдан баштап күн сайын райондордун 2009-жылдын жыйынтыктары жана 2010-жылга милдеттер боюнча өткөрүлгөн коллегияларына катышты.

Алгач Араван районундагы коллегияда райондун 2009-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, 2010-жылдагы милдеттер, ошондой эле 2009-2011-жылдарда өнүгүү стратегиясынын  өткөн жылга белгиленген иш чараларынын аткарылышы жөнүндө раймамадминстрациянын башчысынын орун басары А. Абдулхамидов баяндама жасап, коллегия мүчөлөрүнүн түрдүү суроолоруна жооп берди.

Райондун 2009-2011-жылдарга өнүгүү Стратегиясына бардыгы болуп 48 иш чара киргизилип, анын ичинен 2009-жылга 19 иш чара белгиленген болсо, андан 15 иш чара толугу менен аткарылган, аткарылбаган 4 иш чараны 2010-жылда аткаруу жагы белгиленди. Мындан тышкары, 2010-жылга 20, 2011-жылга 9 иш чара аткарылаары пландаштырылды.

Өнөр жай тармагында 2 иш чара аткарылды. Алар А. Анаров айылдык  округунун Жаңы-Араван айылындагы кыш заводу курулган. Ага 6.0 млн. сомдук акча каражаты жумшалды жана 25 жумуш орун түзүлдү. Мангыт айылдык округунда кичи кондитердик цех (150.0 миң сом) курулду, 5 жумуш орун  түзүлгөн.

Саламаттык сактоо тармагында райондук аймактык ооруканасынын  жугуштуу оорулар  бөлүмүнүн курулушу башталып, мында 6 млн. 300 миң  сомдук  иш  аткарылды. Аны 2010-жылга бүтүрүү жагы күтүлүүдө.

Райондо 2009-жылда 337 млн. 876 миң сомдук өнөр жай товарлары өндүрүлүп, 2008-жылга салыштырмалуу 279 млн. 808,0 миң сомго көбөйгөн.

2009-жылда  район  боюнча  кутурма  оорусуна  каршы  10193 баш ит эмделип, 1237  ээсиз  жолбун ит атылып  жок кылынды.

2009-жылда жалпы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 40 млн. 544,5 миң сомду түзүп, 2008-жылга салыштырмалуу 132,0 пайызга өскөн, же болбосо  киреше бөлүгү  9 млн 849,6 миң сомго көбөйгөн.

Жалпы салыктардын 8 түрүнөн 2 түрү аткарылбай калды алар: кошумча нарк салыгынын  планы 2 млн. 818,0 миң сом ордуна 1 млн. 522,3 миң сом, пайдадан алынуучу салык план 476,4 миң сом ордуна 357,8 миң сом топтолду.

Төө-Моюн, Нурабад айылдык  округдары (Исабаев А., Мамасаидов К.) өздөрүнүн салык боюнча план тапшырмаларын аткара албай калган.

Араван районунда төмөндөгү көйгөйлүү маселелер бар экендигин жана аларды чечүүнүн болгон жолдорун издөөнү раймамадминистрация иш планына киргизгендиги баяндамада айкын болду:

- «Капчыгай» сел сактагычын курууну баштоо.

-Араван – Төө-Моюн айланма автожолунун техникалык абалын жакшыртуу.

-Мангыт – Тепе-Коргон жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу.

Ал эми 2009-жылда Ноокат районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2010-жылга милдеттери жөнүндө маалымат жасаган акимдин орун басары төмөнкү маселелерге токтолду:

-2009-жылдын жыйынтыгы боюнча райондо 172 860,8 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 120,8%ды түзүп, 29747,8 миң сомдук продукция ашыкча өндүрүлгөн.

   2010-жылга райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында ар бир айылдык округдардын башчыларына айылдык округдун аймагындагы өнөр жай багытындагы ишканалардын иштешин камсыз кылуу максатында инвестиция тартуу чараларын жүргүзүү милдеттендирилген.

Райондо салык системасынын кызматкерлери патентти өз убагында бербегендиги аныкталып жатат. Мисалы: район боюнча 200дөн ашуун тегирмен статта учетто турса, РЭТ тарабынан 130 тегирмен декабрь айында электр энергиясын иштетип, акча төгүшүп, квитанция алышса, салык инспекциясы 52 гана тегирменге патент берген.

Бул кемчиликтерди жоюу жөнүндө айыл округ башчылары, салык системасы менен биргеликте иш чара түзүлүп катуу талап коюлду.

   Айылдык округдардын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынган ижара акылар боюнча анализдеп көргөндө район боюнча 2009-жылда пландагы 4664,2 миң сомдун ордуна 3792,0 миң сом өндүрүлүп, план 81,3%га араң аткарылган, же пландагыдан 872,2 миң сомго кем жыйналган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы район боюнча 1385,3 миң сомго жерди кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы жергиликтүү бюджетке түшпөй калган.

   Ноокат районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата Бишкек шаарында жана райондун борборунда “Ноокатым менин ооматым” аттуу марафон өткөрүлүп, андан түшкөн каражатка райондун тарыхый музейинин курулушу бүткөрүлүп, азыркы күндө музей жаңы экспонаттар менен толукталууда. Салтанатка арналып райондун тарыхын, чыгааан инсандарынын таржымалын, бүгүнкү күнгө чейинки өсүп өнүгүүсүн чагылдырган китеп жарык көрдү. Ошондой эле жаш таланттардын чыгармаларын камтыган “Дүбүрт”, ”Нихол” аттуу китептер эки тилде жарыкка чыкты.

Жыл ичинде райондо жалпы 96 обьекти курулуп пайдаланууга берилген. Анын ичинде 7 АЗС, 4 ФАП, 7 спорт залдары, 1 спорт комплекси, 3 мектептин имараты курулуп бүткөрүлүп, 2 мектептин имараты капиталдык ремонт болгон.

2010-жылга карата ар бир айылдык округдардын аймагында райондогу токтоп турган өнөр жай ишканаларын жандандыруу, жаңы жумуш ордун камсыз кылуу, райондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, калктын кичи жана орто өнөр жай ишкердүүлүгүн өнүктүрүү максатында ар бир айылдык округдарга инвестицияны тартууну уюштуруу боюнча иш жүргүзүүсү милдеттендирилген.

Ноокат районунда 2008-жылда 1 адам өлтүрүү катталса, 2009-жылда 3 адам өлтүрүү катталып, бети ачылган.

Быйылкы жылы мааракесин белгилөөгө камынып жаткан Кара-
Суу районундагы коллегияда аким Б. Юсупов баяндама жасап, аткарылып жаткан жана аткарылаар жумуштарга кеңири токтолуу менен коллегия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Бардык тармактар боюнча уккан баяндамадан соң, губернатор М. Бакиров райондогу асыл тукум кой чарбасынын иш аракетин жаңы нукка бурууну, арыз ээлеринин маселелерин мыйзам чегинде кечиктирбестен чечип, калктын мамлекетке болгон нааразылыгын жаратпастан тыгыз иш алып баруу зарылдыгын, аткаруучулук тартипти күчөтүүнү, салык төлөмдөрүн так аткарууну, мүлккө болгон салыктын киргизилишине карата эсеп-кысапты элге туура жеткирүүнү, айрым айыл окруктардагы шаардык газдан пайдалануучяулардын карыздарын түшүндүрүү жолу менен ылдам өндүрүүнү, тамеки боюнча кооперативдерди түзүп ишин күчөтүү абзелдигин белгилеп район жетекчилигине кечиктирилгис тапшырмаларды берди. “Папан айыл округунда жайгашкан Алчалуу айылындагы Семетей атындагы орто мектебинде чыккан өрттөн улам жаңы мектеп курууга муктаж болуудабыз, бул кесепеттин айынан 38 млн. сомго чукул чыгымга учурап жатканыбыз абдан өкүнүчтүү” деди М. Бакиров. Мындан сырткары билим берүү тармагында өрткө каршы күрөшүү иштерин күчөтүү керектигин, мурдагы жылдардагы жер силкинүүдөн улам авариялык абалга келген айрым мектептерде окуучулардын окуп жаткандыгын райондук деңгээлдеги маселе катары көтөрүп, чечүү жагына басым жасады.

Ошентип облус аймагындагы 7 райондун бешөөндөгү коллегияга катышып, жогоруда белгиленген ийгилик жана кемчиликтерди уккан Ош облусунун губернатору М. Бакиров өсүү көрсөткүчтөр мактана турган цифралар эмес экендигин айтып, анткен менен жасалып жаткан жакшы жумуш, жөрөлгөлөрдү калктын калың катмарына убагында жана туура жеткирип туруу зарылдыгын, районго инвестицияларды тартуу жагын, жерди сарамжалдуу пайдаланып, түшүмдүүлүктү күчөтүүнү белгиледи. “Медицина жана педагогика тармагында адистердин жетишпестигин айтып жатасыңар, бул боюнча жаңыча иш чараларды жүргүзүп жатасыңарбы?” деген суроосуна канааттандырарлык жооп бере алышпаган соң, шаарда бул адистиктер боюнча район аймагынан канча студент билим алып жаткандыгын билгиси келди. Бул боюнча маалыматты так бере албай калган баяндамачылар жетишпеген адистиктерди мүмкүнчүлүк болушунча толуктоого күч аракеттерин жумшай тургандыктарын айтышты.

Ар бир айыл окрукта коомдук-профилактикалык борборлор түзүлүп, алардын иши мындан ары күчөшүн көзөмөлдөөнү кылмыштуулукту кыскартуу боюнча берген суроолоруна жооп жолдогон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Э. Наватовго айтып өттү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана атуулдардын мыйзамдуу укуктарынын сакталышын камсыздоо багытындагы аткарылып жаткан мыкты жумуштар белгиленди.

Облус боюнча өрт кырсыгынан 6 адам жабыркаса, анын бешөө Араван районунан экендигин белгилеген губернатор райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнөн коллегияга эч ким келбегендигин билген соң жетекчисинен шалаакылыктын себептерин сурап, тартиптик чара колдонуу жагын район акими К. Шайназаровго тапшырды.

Аталган райондордогу коллегияда губернатор М. Бакиров төрөттөн каза болгон энелердин өлүмүнө, наристелердин чарчап калуусуна кейигендигин айтып, бул багытта профилактикалык иштерди жүргүзүүнү, үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишин күчөтүүнү тапшырды.

Коллегиянын соңунда губернатор тарабынан 2009-жылдын жыйынтыктары боюнча эмгек алдыңкыларына Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары ыйгарылды.

 

К. Кимсанов, Ош губернаторунун пресс-катчысы

 

 

 

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg