Келе жаткан
2010-жылда Чоң-Алай районунун инфраструктурасын көтөрүү
максатында райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 6
багыттагы долбоорлор жүзөгө ашмакчы. Бул туурасында Ош
облусунун губернатору М.Бакировдун кабыл алуусунда райондун
акими М.Каримбеков маалымдады.
Белгилей кетсек
2010-жылда Чоң-Алай районунда 27 обьектинин бүткөрүү
пландаштырылып, ал 6 багытта жүзөгө ашырылмакчы. Райондун
акими М.Каримбековдун билдирүүсү боюнча райондун борборуна
60 орундуу 2 кабаттуу оорукананын имаратын куруу, 8000 гектар
кайрак жерди сугат суу менен камсыздоо үчүн узундугу 35 км
болгон «Шор-Талаа» каналынын 16 км реабилитациялоо
иштерин бүткөрүү, көп жылдардан бери курулушу бүткөрүлбөй
келген «Жекенди», «Кашка-Суу» айылдарында спорт залдын
курулушун аяктоо, «Кара-Тейит» айылында 60 орунду балакчаны
пайдаланууга берүү, «Интербизнес» жоопкерчилиги чектелген коому
менен өз ара эсептешүү аркылуу август айында 2 комбайн алууга
долбоорлорду даярдап, инвесторлорду тартуу максатында
сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ал эми калган
обьекттер Финансы министрлигинин алдындагы Түрткү берүүчү
грант, Ага Хан, АРИСтин каржылоолору менен ишке ашырылат.
Аталган
обьектилердин ичинен 2 кабаттуу оорукананын курулушу жана 2
комбайнды сатып алуу эң максаттуу, зарылдуу экендигин
губернатор М.Бакиров белгиледи. Ошондой эле аталган
иш-чараларды жүзөгө ашыруу багытында ар тараптуу колдоолор
көрсөтүлөөрүн айтты.
Г. Жороева