title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

 

28 декабря 2009 года состоялась молодежная елка с участием губернатора области Мамасадыка Бакирова.


На новогодний праздник были приглашены 100 студентов ошских ВУЗов и 100 молодежных активистов со всех сельских округов области.

С Новым годом их поздравил глава облгосадминистрации, губернатор Мамасадык Бакиров. В своем выступлении М. Бакиров отметил, что сегодняшняя молодежь области нашла свое место и активную позицию и в политике и во всех отраслях общественной жизни. В результате Ошская область признана в республике как лучшая область, где активно ведется молодежная политика.

Губернатор также подчеркнул, что молодежь области на высоком уровне провела все мероприятия в рамках Года молодежи и детей, объявленного Президентом Кыргызстана.

На новогодней елке были подведены итоги по 5 номинациям конкурса «Лучших 2009 года», объявленного областным молодежным комитетом: «Лучший молодой продюсер в освещении молодежной темы», «Лучший молодой журналист», «Лучший молодой ведущий», «Лучший молодой певец», «Лучшая команда КВН».

Председатель областного молодежного комитета Шайлообек Атазов вручил номинантам сертификаты и денежные премии.

 


 

Жаштарга  губернатордук балаты

Бүгүн Ош  облусунун мамлекеттик администрациясынын  билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн  демилгеси  менен   облустун  жаштарына  губернатордук  балаты майрамы  өткөрүлдү.

Аталган арча майрамына  жогорку, жана атайын окуу  жайларында мыкты окушкан 100 студент  жана   облусубуздун аймагындагы 91 айылдык округдарынан  100 жаштар чакырылган.

Балаты  майрамында  облустун губернатору  М.Бакиров  жаштарга куттуктоо сөз сүйлөп,  учурда  жаштар  эң  активдүүлүктөрүн  көрсөтүшүп, илим-билим тармагында болсун, маданият, спорт, саясат  жаатында болсун  жогорку позицияны тутунушуп,  өз  ордуларын таба  алышкандыгын баса белгилеп,  келечек мына силерге окшогон  алдыңкы жаштардын, силердин  колуңарда - деп жаштарды Мекенчил болууга чакырды.

Майрамдык салтанатка  «Ак Жол» партиясынын  Ош облустук комитетинин  катчысы А.Шамшиев катышып, куттуктоо  сөзүн ыроолоду.

Белгилей кетсек мамлекет  башчыбыз тарабынан 2009-жылды «Жаштар жана  балдар  жылы» деп белгиленип,  үстүбүздөгү жылда  жаштар арасында өзгөчө ийгиликтер  жасалды. Дээрлик бардык облустарда  жаштар Кеңештери  түзүлүп, Жаштар Форуму республикалык деңгээлде өткөрүлдү. Жаштар демилгелери, идеялары  бийик трибуналарда колдоого  алынып, жыл жаңырар алдында  Ош облусунун жаштар Кеңеши   республикада  эң алдыңкы орунда экендиги таанылды.

Жаңы жылдык  балаты  майрамы ыр бий менен гана коштолбостон  жаштар арасында «Жылдын мыктылары»  аныкталып,  «Жаштар темасын мыкты чагылдырган жылдын мыкты  продюсери», «Жылдын эң мыкты  жаш журналисти», Жылдын эң мыкты алып баруучусу»,  «Жылдын эң мыкты  шайыр  тапкычтар  клубу», «Жылдын эң мыкты  жаш ырчысы» аталыштарынын жеңүүчүлөрүнө  белгиленген сыйлыкты  Ош областтык Жаштар Кеңешинин  төрагасы Ш.Атазов тапшырды.

Театрлашкан көрсөтүүлөрдүн коштоосунда   обюн-зооктор көрсөтүлүп, түрдүү улуттардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жалын жүрөк  жаштар  жаңырган жылга жакшы үмүт –тилектер менен кадам  ташташууда.

 

Г. Жороева

 

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg