title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

 

25 декабря 2009 года Герои социалистического труда получили подарки Президента Кыргызской Республики.

Социалисттик  Эмгектин Баатырлары Президенттен   белек алышты

Бүгүн Ош областынын  салтанаттар  өтүүчү  аянтында  Социалисттик Эмгектин Баатырларына  Кыргыз Республикасынын Президентинин  автомашина белегин тапшыруу  аземи болуп өттү.

-Мезгилинде Кыргызстандын атагын алыска тааныткан 62 баатыр жергебиз – Ош облусунан чыгып, анын ичинен 10у Советтер Союзунун  Батыры, ал эми 52си Социалисттик Эмгектин  Баатырлары  болушкан.  Бүгүнкү күндө эмгеги элге сиңген  9 атуулубуз  мамлекет  башчыбыз тарабынан  ардакталып олдурушат- деп маалымдады Ош  облусунун губернатору М.Бакиров  куттуктоо сөзүндө.

Улуу Ата Мекендик Согуштан кийин  өлкөбүздү калыбына келтирүүдөгү  күжүрмөн эмгектери менен гана  эмес,  эмгек баатырлары   туруктуу турмуштук позициялары менен да  Ата Мекенибиздин  өркүндөп –өсүшүнө орчундуу салым кошуп  келе  жатышкан : Араван районунан  Рафикова Дилорам,  Кара-Суу районунан Машрапова Тургун, Ош шаарынан  Сунчалиева Алия апаларга, Кара-Суу районунан Исаков Сра, Абдраимов Абсамат, Ноокат районунан Тойгонбаев Абдувап, Турдуев Келдибай, Өзгөн районунан  Мойдунов Жумакадыр, Алай районунан  Жапышов Рысбай  аталарга  Кыргыз Республикасынын Президенти  Курманбек Салиевич Бакиев  «темир ак жорголорду» жаңы  жыл алдында белекке берип, ардагерлерибиздин  маанайын  жаркытты.

Аталган салтанатта  КРнын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары,  уюштуруу жана көзөмөлдөө  кызматынын  жетекчиси  Жетиген Бакиров, Ош  шаарынын мэри  М.Мырзакматовдор  куттуктоо  сөз  сүйлөшүп, улутубуздун намсын  бийик көтөрүп, элибиздин чыгаан  уул-кыздарынын катарында татыктуу орун  ээлешкен кутман энелерибиз, ардактуу аталарыбыз  менен  Кыргызстандын эли сыймыктанып, даңктанаарын   айтышты.

 Өлкө башчысы тарабынан   ардакталып  жатышкан  алтын жылдыз ээлеринин атынан  Турдуев  Келдибай аксакал кеп алып,  эл аралык саясат  айдыңында мамлекетибиздин бүгүн  абройлуу  орду  жана социалдык-экономикалык  жактан  өсүп-өнүгүүлөр туурасында  нускалуу  сөзүн айтып, Президентке жана  жергиликтүү бийлик органдарынын  жетекчилерине  терең ыраазычылыгын  билдирди.

Салтанаттуу  аземдин соңунда  Ж.Бакиров, М.Бакиров, М.Мырзакоматов баш болгон  расмий өкүлдөр  Социалисттик Эмгектин Баатырларына   автомашинанын  ачкычын  салтанаттуу түрдө  тапшырышты.

 

Г. Жороева

 

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg