Губернатордук балаты майрамы белгиленди.
24-декабрда Ош шаарындагы «Магнат» ресторанында жаңы
жылдык балаты майрамы губернатор М.Бакировдун катышуусунда
өткөрүлдү. Жаңы жылдык балаты майрамына облустун жалпы билим
берүүчү мектептеринин социалдык жактан колдоого муктаж, мыкты
окуган 100 окуучусу чакырылган.
Куттуктоо сөзүндө мектептен алган терең билим гана чыныгы
адам болуп калыптанууга жол ачаарын, бүгүн балаты тегеренип
ойно жаткан окуучулардын арасында келечектин Президенти, министри,
депутаты, дарыгери, деги эле Ата Мекендин керегине жараган
мыкты инсандар чыгаарын айтып, белектерди тапшырды.
Облустун бардык аймактарынан келишкен окуучулар губернатор
менен биргеликте балаты айланып, ыр ырдашып, бий бийлешип,
маанайлары жаркышты.

Белгилей кетсек, балаты майрамын жогорку деңгээле өткөрүү
максатында губернатордун атайын буйругу менен белектерди
даярдоо үчүн 47750 сом, ал эми 16250 сом сый тамак үчүн,
жалпысынан 64000 сом акча резервдик фонддон бөлүнгөн.
Арча майрамында Оштогу Султан Ибраимов атындагы драма
театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан жаңы жылдык
театрлашкан оюн-зооктор көрсөтүлдү. Майрамдык маанай
тартуулаган облус жетекчисине ыраазычылык купуя сезимдери
жеткинчектердин көздөрүнөн байкалып, бул күн боео жүрөк
балдардын эсинде көпкө сакталмакчы.
Г. Жороева