Ардагерлердин 6-конференциясы өткөрүлдү
23-декабрда Ош облусунун ардагерлер Кеңешинин
6-конференциясы болуп, ардагерлер Кеңешинин төрагасынын орун
басары Зулпуев Рысбайдын билдирүүсү угулду.
Биз, Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгектин, куралдуу
күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлери Президентибиз
Курманбек Бакиевдин мамлекеттик түзүлүштөгү реформасын
колдойбуз-деп маалымдады Р.Зулпуев.
Төраганын орун басарынын маалыматы боюнча Ош облусунда
3366 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери бар. Анын ичинен
197си майыптар, 253ү согуштун катышуучулары, ал эми курман
болгон жоокерлердин үй бүлөлөрү 7, 2909 адам оорукта кызмат
өтөгөндөр болуп саналат.
Баса белгилей кетүүчү жагдай аларга республикалык
бюджеттен 30, 2 млн. сомдук жеңилдиктер каралган. Мындан
сырткары 9-май –Жеңиш күндүн 64 жылдык мааракесине карата 3665
ардагерлерге 568,4 миң сом акчалай жөлөк пулдар берилген.
Ошондой эле Кыргыз республикасынын Президентинин Жарлыгынын
негизинде жалпысынан 5,3 млн. сом кошумча төлөнгөн. 3366
жеңилдик алуучу жарандарга 1,6 млн. сом акча каражаты
дары-дармек үчүн төлөнүп, Улуу Ата Мекендик согуштун 21
майыбына ат араба үчүн 872,8 миң сом акчалай компенсация
төлөнгөн. Ал эми 33 майыпка 142,8 миң сомдук угуу аппараттары,
коляскаларга муктаж болгон 42 адамга 193,2 миң сомдук коляскалар
тапшырылып, 386 адамга 4,1 млн. сомдук түрдүү санаторияларга
жолдонмолор социалдык коргоо башкармалыктары тарабынан
берилген.
Ардагерлер Конференциясына облустун губернатору М.Бакиров
катышып, ардагерлерибиз ар убак мамлекет тарабынан бекем
камкордукка алынаары туурасында маалымдап, улуттук идеологияны
жайылтуута, улуттар аралык биримдикти сактоодо, жаштарды
мекенчилдикке тарбиялоодо ардагерлер Кеңешинин ролу зор
экендигине токтолду. Таберик ардагерлерибиздин акыл-насааттарын
угууга жаштарыбыз даяр, колдоолоруна муктаж экендигин баса
белгиледи.
Акылы тунук, аброюу улук ардагерлерибиз Улуу Ата Мекендик
согуштун 65 жылдыгын татыктуу тосуп алуу үчүн иш-чараларды
түзүү, Кеңештин уюштуруучулук иштерин жандандыруу багытында
омоктуу ой-пикирлерин айтышып, Кеңештин Президиумунун
мүчөлөрүн шайлашты.
Соңунда ардактуу аталарыбыз, эжелерибиз губернатордук сый
тамак төрүндө болушту.
Г. Жороева