Кыргыз
Республикасынын энерго тутумунун 75 жылдыгын Ош жогорку
чыңалуудагы электр тармагы мекемесинин эмгек жамааты натыйжалуу
ийгиликтер менен тосуп алышууда.
Үстүбүздөгү жылы Ош жогорку чыңалуудагы электр тармагы
мекемесинин пайдалануучуларды электр энергиясы менен
камсыздоону жакшыртуу максатында «Кадамжай», «Ноокат»
подстанцияларында эски өчүргүчтөрдү техникалык параметрлери
азыркы өткөргүчтөргө дал келгендери менен алмаштырууну
ийгиликтүү аякташты.
Акыркы
мезгилдерде коңшулаш Өзбек Республикасынын бирдиктүү
шакекчеден чыгаарын расмий билдиргени,
андыктан Ош, Баткен облустарынын энергия керектөөчүлөрүнүн
коопсуздугун камсыздоо үчүн жакынкы жылдарда Базар-Коргон
районун аймагында жогорку чыңалуудагы 500 киловольттук
подстанциясы курулуп, 220 кВттук жогорку чыңалуудагы аба линиясы
Ош шаарындагы «Узловая» подстанциясы менен туташышы зарыл
экендиги, андан сырткары 110 кВт. «Ош-Кара-Суу»» аба линиясынын
курулушуна жер тилкелерин бөлүп берүүгө райондук, айылдык
округдардын жетекчилерине тапшырмалар берилгендиги туурасында
Ош облусунун губернатору М.Бакиров Ош жогорку чыңалуудагы
электр тармагы мекемесинде өткөн салтанаттуу жыйында
маалымдады.
Энергетиктердин
кесиптик майрамынын урматына М.Жумагулов КМШ өлкөлөрүнүн
энерго кеңешмесинин «Эмгек сиңирген энергетиги» төш белгиси
менен ал эми бир катар эмгек алдыңкылары КМШ өлкөлөрүнүн энерго
кеңешмесинин Ардак Грамоталары, ошондой эле Ош облустук
мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен сыйланышты.
Ал эми аталган
мекеменин директору А.Молдоисаевге КРнын «Өнөржай жана
энергетика каарманы» төш белгисин губернатор М.Бакиров
салтанаттуу маанайда төшүнө такты.
Элге жарык жана
жылуулук тартуулоочулардын кесиптик майрамы быйыл «Камбар-Ата»
ГЭСинде жүз берилип жаткан тарыхый датага туш келип
жаткандыгын губернатор баса белгилеп, ардактуу кесип ээлерине
ийгиликтерди каалады.
Салтанаттын соңунда М.Бакиров, А.Молдоисаев
энергетиктер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү
менен биргеликте «Камбар-Ата» ГЭСиндеги иш-чаранын ийгиликтүү
өтүшүн сыналгыдан көрүшүп, Ата Мекенибиздин энерго тармагындагы
өсүштөрдү кубануу менен белгилешти
Г. Жороева