title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

 

8 февраля 2007 года губернатор Ошской области Жанторо Сатыбалдиев побывал в сельских управах Узгенского района и принял участие на выездном заседании облгосадминистрации.

•  Кєчмє жыйын баяны

МАКТАНА ТУРГАН ЧАК ЭМЕС

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын кезектеги кєчмє жыйыны Єзгєн шаарында жїрдї. Адаттагыдан айырмаланып ага чоў-майда аткаминерлер катышышты. Маселелер кабыргасынан коюлуп, сын-сунуштар бетке айтылды.

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын бєлїм башчысы Шухрат Сабиров баян эткендей, былтыр єнєржай продукцияларын єндїрїї планы 105,3 пайызга аткарылды. Жыл бою 191 чакан жана орто ишкана пайдаланууга киргизилип, 1029 адам жумуш менен камсыз этилди. Айыл чарба дїў продукциясынын кєлємї 2,5 миллион сомду тїздї. Салык тєлємдєрїн топтоо 107 пайызды чамалады.

2006-жылы Єзгєн районуна 706,9 миллион сом тышкы жана ички инвестиция тартылды. Анын басымдуулугу фермердик жана дыйкан чарбаларынын ишин жандандырууга жумшалды. Мындан тышкары кредиттик союздардын тїйдєгї 65 миллион сомдон ашты. Ошондой эле 376 жамааттык уюмдар тїптєлїп, мїчєлєрїнїн саны 20 миўге жетти.

Ошого карабастан айыл чарбасы єксїк кейипте. Мисалы, тамекичилик Башдєбє, Кароол, эт, жїн, май єсїмдїктєрїн єндїрїї Башдєбє, Саламалик, Ийрисуу, Жалпакташ, Караташ, Мырзаке, Кєлдїк, Тєрткєл айыл єкмєттєрїндє начар. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын аласасы 476,7 миў сомду чапчыды.

Мамлекеттик каражаттарды Єкмєт казынасына тєлєє зээнди гана кейитет. Себеби, бюджеттик ссудадан 3151,7 миў сомдун, Япон єкмєтїнїн грантынан 2544,2 миў сомдун бир тыйыны да былтыр кайтарылган эмес. Албетте, мында прокуратура органдарынын кайдыгерлиги да ойлонтпой койбойт.

Эў кейиштїїсї: Єзгєн райондук мамлекеттик администрациясы жогорку органдардын жана єз токтомдорунун, буйруктарынын аткарылышын туруктуу кєзємєлдєбєйт. Анын айынан далай тапшырмалар кагаз жїзїндє калып, калктын бийликке ишеничин єчїрїп жатат. Мындан сырткары даттанган тараптардын арыз-муўу убагында тыўшалбагандыктан, элеттиктердин Ош, Бишкекке кайрылуусу кїчєдї.

Тескерисинче, Єзгєн районунун акими Їсєнбай Абдыраимов адегенде эки доклад (биринчиси 30 мїнєттїк, экинчиси 1 сааттык) белендегенин билдирип, єтїнїч негизинде кыскараагын окуганга киришти. Ар сєзїнєн мактануунун илеби уруп турду.

Акимдин айтымында, райондо жашылча, мємє-жемиш, картошка, эт, сїт, жумуртка жана жїн єндїрїї 2005-жылга салыштырганда былтыр кыйла єстї. Калк єндїргєн єнєржай продукциясы 34,5 миллион сомго жетти. Кичи жана орто бизнес чєйрєсїндє иштегендердин саны 61350 адамды тїздї. 105 калктуу пункуттун 50 пайызы таза суу менен камсыз этилди. Стадиондор, спорт аянтчалары толук ремонттолуп бїттї. Туризмден 1352,0 миў сомдук каражат тїштї.

- Сизге ишенсек, баарын кыйраттык дейсиз. Бирок, облмамадминистрациянын расмий маалыматына таянсак, пландарыўыз толбоптур го. – Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев жаны кашайганда ушинтип акимди жарга такады.

- Кєрсєткїчтєрїбїз буга дейре кєбєйтїлгєн. Анїчїн кїнєєлїї эмеспиз. Антсе да, тээ Союз маалында да малдан бїгїнкїдєй сїт саалган эмес. Жїгєрї айдоону да кеўейттик. – Райадминистрация башчысы Ї. Абдыраимов кыйла моюн толгоду.

Ортого Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиев тїшїп: - Аким мырза, жаўы же жаш жетекчи эмессиз. Ошондуктан, бир аптадан бери убакыт таап, жообуўузду даярдап койбойт белеўиз. Кана, колегия мїчєлєрї, андан кєрє проблемаларды талкуулайлы, - деп тараптарды жоошутту.

Суу чарба, билим берїї, санитардык кєзємєл бєлїмдєрїнїн, салык инспекциясынын башчылары єз тармагындагы алешемдиктерди чала билгендиги зээн кейитет. Айрыкча кээ мектептерди кышта суук каптагандыгы, окуучулардын шашке тамагынын начардыгы, шарттардын ыўгайсыздыгы, борбордук базардагы башаламандык, каналдардын эмдигиче тазаланбай жаткандыгы олуттуу суроолорду туудурду. Облмамадминистрациянын коллегия мїчєлєрїн паспорт, статистика, жерге ижара акы, таза жана сугат суу, ЗАГС маселелери да абдан кызыктырды.

РайКеўештин бюджет комиссиясынын тєрагасы Токо Жээнбеков: - Мындан ары коллегия мїчєлїгїнє жарандык коомдун єкїлдєрїнєн да кошсоўуздар? Себеби, жалаў бийликтегилер бири-бирин мактап же алдап олтура бергидей. Азыр эле кєрдїўїздєр, салык инспекциясы план 107 пайызга аткарылды деди. А чындыгында, алар райКеўешке бекиттирген бюджетте кєрсєткїч араў 95 пайызды тїзєт. Айырмасын байкадыўыздарбы? Булар кимдин кєзїн боеп жатышат, ыя? – деп омоктуу оюн кыйытты.

Жыйындын соўунда бардык сын-пикирлер кєўїлгє бек тїйїлдї. Ишине салкын караган аткаминерлердин жоопкерчилигин чукул арада кароо тийиштїї уюмдарга тапшырылды. Аман турсак, жазалангандар темасына дагы кайрылаарбыз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы


•  Басма сєз кызматы маалымдайт

ЖАКШЫНА ЖАШАГЫЎ КЕЛЕБИ?

Демек, аракеттен. Ансыз берекет болушу кїмєн. Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиевдин Єзгєн районуна сапары кудум ушундай маанайды туюндурду.

Полот Жолдошев атындагы орто мектеп тээ 1953-жылы курулган. Жаўысы былтыр башталып, бирок, алигїнчє бїтє элек. Ошондуктан, эскисин эптеп пайдаланып аткандыктан, балдар шашке тамак иччї жай муздак, башка шарттары да кєўїл гана чєктїрєт. Быйыл аталган кєйгєйгє чекит коюуну облус башчысы Ж. Сатыбалдиев аким Ї. Абдыраимовго, Кызылоктябрь айыл єкмєтїнїн башчысы Бакыт Алайчиевге бекем табыштады.

Окуу жылынын башында салтанаттуу тїрдє тапшырылган Каримкул Калмурзаев атындагы орто мектепти кєрїп ичибиз тызылдады. Себеби, бардык класстардын шыбынан тамчы агып, балдарды окутканга тоскоол этип жатыптыр. Билим журтун курган ишкана жабыр тарткан тарапка тийди-качты маиле жасагандыгы єкїндїрєт.

Токтогул атындагы орто мектептин спорт залы ойго чємїлткєн чак. Бирок, кол куушуруп олтургандан не пайда. Ж. Сатыбалдиев аким Їсєнбай Абдыраимовду, Куршап айыл єкмєтї Бакыт Мадумаровду, 956-ДЭПтин начальниги Тыныбек Кадырбаевди беттештирип, аянтчаны быйыл ишке киргизїїнї буюрду. Ичкери кирип балдар тамактанчу ашкананын босогосун аттап, ашпозчуну таппай, артка кайтты.

Тєрткєл айыл єкмєтїнє караштуу 1000 гекутар жерди суу басып жатат. Анын компенсациясына Кыргыз Єкмєтї 4 миллион 200 миў сом бєлгєн экен, бирок, дренаждоо жумушу алигїнчє башталбаптыр. Ушундай эле кєрїнїш Куршап, Кызылоктябрь айыл єкмєттєрїнє да таандык.

Жалил Токторбаев атындагы аймактык оорукана 90 койкалуу, 158 медициналык кызматкер эмгектенет. Шарттары азырынча, кудайга шїгїр. Ошентсе да, башкы дарыгер Абдилла Турганбаевдин сєзїнє караганда, уролог, педиатр, лор адистери кендирди кесип аткан кез.

Жантєрє Жолдошевич Єзгєн базарындагы башаламандыкка катуу кейиди. Товарлар чаў, а тїгїл калк кеўири керектєєчї азык-тїлїктєр кир. Толук антисанитария. Дары-дармектерди сактоочу муздаткычтар иштебей турат. Бут коерго чолоо жер жок. Кокус єрт чалса, мында олтургандардын шору кайнагыдай.

Сапар соўунда губернатор Ж. Сатыбалдиев тийиштїї жетекчилерди чакырып, бетме-бет сїйлєшїп, ар бирине милдеттерди такты. Жакынкы арада тапшырма катуу суралаарын кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

 

 

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg