Расмий жыйындан маалымат
КАНААТТАНА ТУРГАН ЧАК ЭМЕС
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын кєчмє жыйынында Алай акимчилигинин 2006-жылда аткарган иштери каралды. Далай маселелер активдин астына кабыргасынан коюлду.
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын єз алдынча башкаруу жана уюштуруу бєлїмїнїн башчысы Санжар Икрамовдун билдирїїсїнє караганда, райондо макроэкономикалык кєрсєткїчтєр толук тїрдє аткарылды. Тактап айтканда, эт єндїрїї 102, жумуртка 103,5, жїн 100 пайызды тїзїп олтурат. Мындан тышкары жїк жана жїргїнчї ташуу, чекене товарларды жїгїртїї пландары да ойдогудай деўгээлде.
Бирок, єксїктєр да чекеден чубалат. Телефон байланышы кендирди кескен кез. Ошондой эле С. Ашимов, Жаўыарык мектептеринин акыбалы єтє чатак. Себеби, малчыларга їй сыўары салынган квартиралар класска айландырылган. Андыктан, материалдык-техникалык базасы начар, эмеректери эски. Парта жана олтургучтар тїшкє гана кирбесе… Он мектепте таптакыр компьютер жєнїндє тїшїнїк жок. Райондун калкын таза суу менен камсыздоо жайында эмес. Атайын долбоорлор соўуна чыкпастан изин суутканы єкїндїрєт. Жергиликтїї калктан 5 пайыз тєлємдї чогултуу дагы жїрєктї єйїтїп жаткандыгы чындык.
Эў кейиштїїсї: райондук мамлекеттик администрация кадр саясатына кошкєўїл. РИИБ, № 959-ДЭП, салык инспекциясы, мамлекеттик каттоо борбору башчылары, аскер комиссары облус жетекчисинин макулдугусуз дайындалгандыктан, бир катар суроолор жаралып олтургандыгы маалым. Мындан сырткары айыл єкмєттєрїндє жана аймактык мекеме-уюмдарда адистер тебетейдей алмашылып аткандыгы да кечиримсиз. Ошондой эле жарандардын расмий кайрылууларына убагында жооп кайтаруу практикасы алигїнчє жолго коюла элек.
Алай районунун акими Жумаш Калыбаев докладында былтыр аймакка 326 миллион сом инвестиция тартылгандыгын баса белгиледи. Мында АРИС, ПРООН, МерсиКО, Азия єнїктїрїї банкы кємєгї зордугун кыйытты. Мал чарбалуу районго Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы (айыл банкы) 61 миллион сом кредит тараткандыгын сїйїнчїлєдї.
Сарымогол айыл єкмєтїнїн мисалында нефть, газ кени чалгындалып жаткандыгын, Сарыташ-Эркечтам автожолу апрелде баштала тургандыгын маалымдады. Тазасуу проблемасына чекит азырынча кое электигин кошумчалады.
Губернатор Жантєрє Сатыбалдиев базар, райоорукана, антисанитария, кємїр єндїрїї, ууручулук, бюрократтык уюмдар, табигый кырсык, коррупция, жер, турак жай, паспорт, кредиттик союз, кооператив. жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары тегерегиндеги суроолорго жем таштады. Тиешелїї жетекчилерди адаттагысындай килемге чакырды. Губернатордун орун басарлары Кушбак Тезекбаев, Болот Бїргєев, Ош облустук финансы жана экономика башкармалыгынын начальниги Алымжан Байгазаков да олуттуу ойлорун, пикирлерин тартынбай ортого таштады.
Жыйында айрым жергиликтїї аткаминерлердин эмгек тартиби, жоопкерчилиги катуу суралып, тоўмоюндарына кыска мєєнєттє чара кєрїї милдеттендирилди. Ошондой эле 2007-жылда былтыркы кемчиликтерден арылуу райаким Ж. Калыбаевге катуу табышталды.
Бали, фермер туугандар!
АСКАСЫ АСМАН ЧЕЛГЕН ТОО ТАРАПТА
Акыбал дурустай. Мындай позицияга Алай жергесин кыдырганыбызда бекем ынандык. Эмесе, фактылар менен сєзїбїдї бышыктайлы.
«Кожоберди» фермердик чарбасында 300 кой, 300 эчки, 50 бодо мал, 40 жылкы туруктуу багылат.
- Турмушубуз кудайга шїгїр, - дейт аталган фермердик чарбанын 75 жаштагы жетекчиси Кымбат Калмаматова эне баарыбызды таўкалтырып. – Жайытыбыз тартыш, жем-чєптї алыстан сатып алып жатабыз. Ошого карабастан мал-калибиз аман, єзїўєр кєргєндєй, кышта да семиз.
Апасынын кебин уулу Айти да кубаттады. Антсе да, Гїлчєдє «Коўурат» мончосун пайдаланууга тапшыргандыгын, 14 айыл єкмєтїндє спорттук мелдеш уюштургандыгын, Курман Айт кїнї эки єгїз союп элге тараткандыгын, Баткендеги жер титирєєдєн жабыр тарткандарга 50-60 миў сомдук жылуу кийим-кече жєнєткєндїгїн кабарлап кубандырды.
Ушундай демилгенин такай сїрєєнчїсї Салы аке Калмаматов да кесек тоют жетиштїїлїгїн, рентабелдїїлїк 29,5 пайызды тїзгєндїгїн баса белгилеп, кызматта тоют майдалагыч, УАЗ жана Нива автомашинасы бардыгын кулак кагыш кылып, таза киреше былтыр 360 миў сомдон ашкандыгын маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Преидентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиев Кымбат апанын єрнєктїї эмгегине ыраазы экендигин ачык жар салды. Карыянын мээнетине мындан ары да ийгилик каалады.
- Сиздердин ємїр жолуўуздар башкаларга сабак болоооруна толук кєзїм жетип турат, - деди губернатор Жантєрє Жолдошевич. – Ылайым ырысыбызга бар жана тїгєл болуўуздар!
Фермелер Абдыманап Мамажанов, Мыктыбек Абдырахманов, Келдибек Тайчабаровдордун чарбаларына да Ж. Сатыбалдиев жетектеген топ баш багып, тынымсыз аракеттерине жїрєктєрї жылыды.
Албетте, жамбаштап жаткан сонун да. Эгерде жергебизде кєўїл ток, кийим бїтїн, заманыбыз тынч турса. Кудай ылайым ушундан бизди айырбасын!
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы
Телефондорум: (03222) 2-28-30; (0502) 44-78-29
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын кєчмє коллегиялык жыйынына «Райондук мамлекеттик администрациялардын, райондук мекеме-ишканалардын, айыл єкмєттєрїнїн 2006-жылы аткарган иштери жєнїндєї» маселе боюнча Алай районундагы аткарылган иштердин жыйынтык
АНЫКТАМАСЫ
Алай районундагы 14 айыл єкмєтїндєгї 62 калктуу конуштарда 71 527 калк жашайт. Алай райондук мамлекеттик администрациясы, жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдары жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан 2006-жылга район боюнча белгиленген социалдык – экономикалык єнїгїїнїн программаларын аткаруу багытында бир топ иштер аткарылган.
Натыйжада 2006-жылдын жыйынтыгы боюнча райондун социалдык-экономикалык єнїгїї пландарынын, макроэкономикалык кєрсєткїчтєрдїн экономикалык божомолдорунун аткарылышы камсыз болгон. Тагыраак айтканда, эт єндїрїї 2005-жылга салыштырмалуу 101,5 пайызга, сїт 102 пайызга, жумуртка 103,5 пайызга, жїн 100 пайызга аткарылган. Ошондой эле жалпы жїк ташуу кєрсєткїчї 252,2 миў тоннага жетип 112,5 пайызга, жїргїнчїлєрдї ташуу 18 млн.840 миў киши/км.ге жетип 103,7 пайызга, калкка к ызмат к єрсєтїї 37 млн. 599 миў сомго жетип 101,1 пайызга, чекене товар жїгїртїї 93 млн. 852 миў сомго жетип 116,4 пайызга аткарылуусу камсыз болгон. Єнєр-жай продукциясын єндїрїї 2006-жылда 23 млн 291 миў 700 сомго же 34,4 пайызга гана аткарылган. Мунун себеби єткєн 2005-жылы «Сарыташ-Эркечтам» жолун куруу боюнча «Чайна-Роуд» кытай корпорациянын асфальтобетон, шагыл таштарды кайра иштетїї боюнча кємєкчї чарбасы аркылуу 54 млн 372 миў 800 сомдук иш аткарган болсо, 2006-жылы эч кандай иш аткарылган эмес. Кємїр єндїрїїчї «Перити-Коал» жоопкерчилиги чектелген коому продукция єндїрїїнї 21 млн.675 миў сомго жеткирип, экономикалык божомолду 2,5 эсеге аткарган. Калк тарабынан єндїрїлгєн єнєр-жай продукциясы 122,1 пайызга жетип, ал эми «Алай таўы» райондук газетасынын редакциясы экономикалык божомолду 114 пайызга аткарган.
Бирок, район боюнча єсїї темпинин аткарылышына карабастан, райондун аймагындагы кээ бир мекеме-ишканалар жана структуралар чекене товар жїргїзїїнїн жана калкка кызмат кєрсєтїїнїн єсїї темпин камсыз кыла алышкан эмес. Алар тємєнкїлєр:
- «Алтын-Тамыр» акционердик коому – 89,9 пайыз;
- «Алай форм» жоопкерчилиги чектелген коому – 40,4 пайыз;
- «Союзпечать» ишканасы – 86,2 пайыз;
- «Гїлчє Таза-Суу» ишканасы – 66,2 пайыз;
- Райондук ветеринардык башкармасы – 57,3 пайыз;
- Райондук оорукана – 71,2 пайыз;
- «Алай автотранс» ишканасы – 66,9 пайыз;
- Райондук билим берїї жана жаштар саясаты бєлїмї – 21,8 пайыз;
- Райондук маданият бєлїмї – 72,7 пайыз;
- Райондук электр тармактары ишканасы – 82,7 пайыз;
- Гуманитардык технологиялык колледж – 10,2 пайыз ж.б.
Єткєн жылда райондун бюджетинин киреше бєлїгї 98 млн 978 миў 600 сомго аткарылып, 102 пайызды тїзгєн. Бюджеттин 52 млн 870 миў 600 сому максаттуу грант же жалпы бюджеттин кєлємїнїн 53,4 пайызын, 16 млн 86 миў 400 сому толуктоочу грант же жалпы бюджеттин кєлємїнїн 16,3 пайызын тїзгєн. Ал эми райондун єзїнєн тїшкєн киреше 10 млн 817 миў 600 сомду тїзїп, 10,9 пайызды ээлейт. Азыркы кезде орточо айлык акы єткєн жылга салыштырмалуу 222 сомго кєбєйгєн.
2006-жылдын 12 айында салык жана салык эмес тєлємдєрїн єндїрїї боюнча жалпы 7878,9 миў сом, анын ичинен республикалык бюджетке 3905,2 миў сом, жергиликтїї бюджетке 3973,7 миў сом салык чогултуу план- тапшырмасы белгиленген болсо, иш жїзїндє бюджеттин киреше бєлїгїнє жалпы 9358,2 миў сом єндїрїлїп план-тапшырма 118,8 пайызга, анын ичинен республикалык бюджетке 4793,7 миў сом єндїрїлїп 122,7 пайызга жана жергиликтїї бюджетке 4524,0 миў сом єндїрїлїп 113,9 пайызга аткарылган. Салык жана салык эмес тєлємдєрїн єндїрїї боюнча план-тапшырманын 15 тїрї боюнча теў сапаттык кєрсєткїч толук аткарылган жана єткєн 2005-жылга салыштырмалуу жалпы салык 2 млн 599 миў сомго ашыкча жыйналган. Белгилей кетїї керек, 2006-жылдын 1-январына карата райондогу 17 мекеме-ишкананын, 7 айыл єкмєтїнїн бюджетке болгон салык жана салык эмес тєлємдєрїнїн негизги карызы жалпы 2850,5 миў сомду тїзгєн. Бул салыктардан болгон карыздарды єндїрїї жана кыскартуу максатында жїргїзїлгєн иштердин натыйжасында, єз убагында салыкты тєлєбєй жаткан мекеме жетекчилери менен айыл єкмєт башчыларына, бухгалтерлерине 8 миў сомдук административдик айып салынып, учурда анын 7 миў сому бюджеттин киреше бєлїгїнє єндїрїлгєн.
Район боюнча каттоодон єткєн чакан ишканалардын жана жоопкерчилиги чектелген коомдордун саны 51 ди тїзєт жана алардын ичинен учурда иш жїргїзїп жаткандары 14 гана. Анткени, калган иш жїргїзбєгєн ишканалардын кєпчїлїгї 1991-1996-жылдары каттоодон єтїп, акча каражаттарынын тартыштыгынан жана башка ар тїрдїї себептер менен єз ишмердиктерин токтотушкан. Бул ишканалар иш жїзїндє кыймылсыз турса да юридикалык жактан жоюлбай, маалымат базасында эсептелинип келїїдє. Ошондой эле район боюнча 2213 жеке ишкер, 1081 дыйкан (фермер) чарбалар каттоодон єтїшїп єз ишкердиктерин жїргїзїшїїдє.
Облустун ивестициялык программасынын негизинде Алай районунун экономикасына инвестицияларды тартуу жана инвестициялык абалды жакшыртуу багытында бир топ уюштуруучулук иштер жїргїзїлїп, єткєн 2006-жылы районго жалпы 163 млн 679 миў 800 сом инвестиция тартылган. Анын ичинен ички инвестиция 75 млн. 252 миў 600 сом жана чет элдик инвестиция 88 млн.427 миў 200 сомду тїзгєн.
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында райондук мекеме-ишканаларды, айыл єкмєттєрїндєгї социалдык–маданий объектилерди кїз-кыш мезгилине даярдоо боюнча 2 жолу, аппараттык кеўешмелерде 4 жолу атайын маселелер каралып тиешелїї чаралар кєрїлгєн. Натыйжада бардык объектилер кыш мезгилинде нормалдуу иштеп, калкка жетиштїї санда кємїр ташылып келинїїдє. Айыл єкмєттєргє жана мекеме-ишканаларга райондук экономика жана каржы бєлїмї тарабынан электр энергиясын пайдалануу боюнча лимиттери белгиленип, анын аткарылышы туруктуу кєзємєлдєнїїдє.
Район боюнча 2006-жылы 23610 миў сомдук электр энергиясы пайдаланылган болсо, ушул жылдын 25-январына карата 20416 миў сом чогултулуп, 3 194 миў сом жыйнала элек. Ошондуктан, электр энергиясына болгон карыздарды жыйноодо иштерди дагы да жандандыруу зарыл.
Райондо бардыгы болуп 36 жерде суу жана электр тегирмени курулган. Тилекке каршы курулган тегирмендер райондо буудайдын аз єндїрїлгєндїгїнєн токтоп турат. Бїгїнкї кїндє 4 жерде наабай нан бышыруу цехтери, 1 жерде балмуздак цехи, 1 жерде нан-булочка чыгаруучу цехи иштеп жатат. 2006-жылдын жыйынтыгы боюнча 45,1 тонна нан кайра иштетилип, 2,1 тонна балмуздак чыгарылган, єсїї темпи 132,3 пайызды тїзгєн. Тактап айтканда 618,9 миў сомдук наабай нан жана 60,2 сомдук сїт азыктары кайра иштетилген.
Райондун бир топ айыл єкмєттєрїндє эў кєйгєйлїї маселелердин бири болуп телефон байланышы эсептелїїдє. Мисалы, Талдысуу айыл єкмєтїндє телефон байланышы шайлоо єткєрїлгєн учурларда гана иштейт. Байланыш болгон жерлерде да эл тарабынан байланыштын начардыгына кєп арыздануулар болууда.
Ал эми социалдык тармактарга токтоло турган болсок, єткєн жылга карата Алай району боюнча мамлекеттик жєлєкпул алуучу адамдардын жалпы саны 14416ны, анын ичинен аз камсыз болгон їй-бїлєлєрдєн 13198ди, социалдык жєлєкпул алуучулар 1218ди тїзгєн. Жыл ичинде 33 млн 553 миў сом жєлєкпул тєлєнїп берилип, ушул жылдын январь айына 1 млн 944 миў 600 сом карыз болуп тєлєнє элек, же 20 кїнгє артта калуу орун алууда. Мунун себеби республикалык бюджеттен акча каражаты азырынча толук тєлєнїп бериле электигинде.
Жыл ичинде райондогу жеўилдик алуу категориясына кирген адамдарга республикалык бюджеттен сезилээрлик жардамдар жана жеўилдиктер берилген. Атап айтканда район боюнча жыл ичинде жеўилдиктерге жалпысынан 5900,0 миў сом республикалык бюджеттен каралган болсо, 2006 жылдын ичинде 7900,0 миў сом тєлєнїп берилген.
Андан сырткары, аз камсыз болгон їй бїлєлєрдїн жашоо дээўгелин жакшыртуу максатында бїгїнкї кїндє 13265 жакыр їй бїлєгє социалдык паспорттор толтурулган, же болбосо жалпы кожолуктун санынан 80 пайыз толтурулган.
Бирок, райондун аймагындагы жакыр їй бїлєлєрдї социалдык паспорттор менен камсыздоо иштери системага тїшїп калгандыгына карабастан, кээ бир айыл єкмєттєр, ошондой эле айыл єкмєттєрдїн социалдык кызматкерлери тарабынан социалдык паспорт толтуруу боюнча бир топ кемчиликтер бар. Кєп учурда аз камсыз болгон їй бїлєлєрдїн жашоо деўгээли тереў анализденбестен, їстїртєн каралып толтурулган. Мисалы, Коўурдєбє айыл єкмєтїнєн Жанкозуев Садырбектин жана Кочкоров Мыктыбектин социалдык паспорттору формалдуу тїрдє толтурулгандыгы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўешинин 2006-жылдын 6-июнундагы токтому менен айлык акыларга тїзєтїї (кєбєйтїї) коэффиценти жєнїндєгї Кыргыз Республикасынын мыйзамына єзгєртїї киргизилгендигине байланыштуу 7316 пенсионерге ай сайын 219,5 миў сомдук пенсия айлык акысына карата кєбєйтїлїп, пенсиянын тєлєє тартиби ай сайын єз убагында же болбосо айдын 5-10 числосуна чейин тєлєп берїї жагы жолго коюлган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун 11.12.2006-ж. №141-токтомунун негизинде 2007-жылдын 1-январынан баштап 7292 пенсионерге, пенсиясын кайра эсептеп базалык пенсиясына 70 сомдон кошулуп бир айына 568,2 миў сомго кєбєйтїлдї. Район боюнча 2005-жыл ичинде 66 млн.164 миў сом пенсия берилсе, 2006-жылы 75 млн. 658 миў 500 сом берилген. Азыркы мезгилде пенсия алуучулардын саны 7683 кишини тїзєт.
Райондогу 39210 эмгекке жарактуу атуулдардын 96,1 пайызы каттоого алынган, андан сырткары 16560 мектеп окуучуларын, 1205 жаўыдан тєрєлгєн балдар каттоого алынып, «Социалдык коргоо кїбєлїгї» алынып берилген.
2006-жылда райондук миграция жана жумуштуулук боюнча комитетине бардыгы болуп 3100 адам кайрылган, анын ичинен 1740 адам иш издєєчї болуп, 1360 адамга ар кандай кеп-кеўештер берилген жана 988 адамга жумушсуздук статусу берилген. Жумушсуздарды бош жумуш орунга жайгаштыруу 450 адамга пландаштырылган болсо, 479 адамга аткарылган же 106,4 пайызды тїзгєн.
Миграция жана жумуштуулук боюнча комитети 2006-жылга жумушсуздарга чакан кредит берїїнї 10 адамга пландаштырган болсо, кредит 47 адамга берилип план 4 эсеге кєп аткарылган.
Атайын жумушчу топтун иликтєєсї райондук миграция жана жумуштуулук боюнча комитетинин ишинде эл менен болгон тыгыз байланыштын жоктугун кєрсєттї. Мисалы, райондук миграция жана жумуштуулук боюнча комитети Корул айыл єкмєтїнїн Кеўжылга айылындагы, Жошолу айыл єкмєтїндєгї АРИС программасы аркылуу тїзїлгєн жаўы жумуш орундары жєнїндєгї маалыматка ээ эмес. Ошондой эле бул комитеттин аткарып жаткан иштерин сурап-билїї кызматы аркылуу калкка жеткирїї да жеткиликтїї эмес. Аталган комитет бул багытта иштерди жандандыруусу зарыл.
Райондук билим берїї жана жаштар саясаты бєлїмїндє 41 орто, 1 лицей, 1 лицей-интернат, 3 негизги, 6 башталгыч мектептерде, 9 балдар бакчасында жана 2 мектептен тышкаркы мекемеде (БЧБ, БОДТДК) 16370 окуучуга 1659 педагог билим берїїдє.
Райондогу мектептерди 2006-2007-окуу жылына жана кышка карата даярдоо їчїн Кыргыз Республикасынын Єкмєтї тарабынан 1 млн 533 миў сом акча каражаты бєлїнгєн жана анын эсебинен мектептер толугу менен ремонттон єткєрїлгєн. Мындан сырткары 3 орто мектеп жаўыдан курулуп, керектїї инвентарлар менен камсыз болуп ишке берилди. Алар: Їчтєбє айыл єкмєтїндєгї 192 орундуу А.Тукеев атындагы орто мектеби, сметалык баасы 14,5 млн.сом; Бїлєлї айыл єкмєтїндєгї 195 орундуу Ж.Исаева атындагы орто мектеби, сметалык баасы 10,5 млн.сом; Сарыташ айыл єкмєтїндєгї 192 орундуу Ы.Мону атындагы орто мектеби, сметалык баасы 17,5 млн.сом. Агахан фондусунун каржылоосу менен Жошолу айыл єкмєтїндєгї 64 орундуу А.Бейшеев атындагы башталгыч мектеби, Корул айыл єкмєтїндєгї 64 орундуу Тогузгун негизги мектептери бїткєрїлдї.
Ошону менен бирге абалы начар мектептер да жок эмес. Мисалы, Жаўыалай айыл єкмєтїндєгї С.Ашимов жана Жаўыарык орто мектептеринин абалы начар, талапка жооп бербейт. Себеби, малчыларга їй катары салынган квартираларды бири-бирине кошуп, класска айландырылган. Материалдык-техникалык базасы начар, мебелдер эски. Мурда эч кандай кєўїл бєлїнбєгєндїктєн, парта жана отургучтар менен камсыз болуусу начар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдагы балдардын абалын тез арада жакшыртуу максатындагы №24-Жарлыгы, 2010-жылга чейинки «Жаўы муун» мамлекеттик программасы, башталгыч класстын окуучуларына бир маал ысык тамак берїї боюнча да бир топ иштер жїргїзїлїїдє. Атап айтканда, єткєн жылы район боюнча 5714 башталгыч класстарынын окуучуларына 2742720 сом акча каражаты бєлїнїп берилген.
Бирок аткарылып иштерге карабастан кээ бир айыл єкмєттєрдє бир катар кемчиликтер бар. Маселен, Алай айыл єкмєтїндєгї Токтогул атындагы орто мектептебинде (директору Кудаяров Болотбек) башталгыч класстар їчїн уюштурулган бир маал ысык тамактын сапаты начар. Атап айтканда 25-январь кїнїндє берилип жаткан булочканын салмагы жана татымдуулугу кєрсєтїлгєн стандартка жооп берген жок. Тїрдїї кылып кээде пирожки же печенье дагы берилип тургандыктан аларды да таразага тартып кєргєндє пирожки 30 грамм , печенье 40 грамм чыккан.
Билим берїї тармактагы башка да жетишпестиктерди айтып кетчї болсок (Д.Жээнбеков) кадрлар тартыш болууда. Мында орус тили сабагынан - 21, англис тили сабагынан - 14, химия сабагынан - 4, физика сабагынан - 8, кыргыз тилинен - 3, музыка сабагынан - 2, информатика сабагынан - 3, математика сабагынан - 9 мугалим, жалпысынан 36 мектепке 81 мугалим жетишпейт.
Жалпы билим берїїчї 41 мектеп компьютер менен камсыз болсо да анын ичинен 22 мектепте окуу процессинде колдонулбаган, башкача айтканда иштєє системасынан чыккан компьютерлер тїзєт. Бул кєрїнїш жаўы заманбап компьютер менен камсыз кылууну талап кылат. Ал эми 10 мектепте таптакыр компьютер жок.
Учурда балдардын окууга катышуулары жакшы эмес. Бул кєрїнїштї «грипп» оорусунун кїчєшї менен тїшїндїрїшкєн.
Райондо 1 райондук маданият їйї, 12 айылдык маданият їйлєрї, 1 борбордук китепкана, 31 айылдык китепкана, 1 кєркєм єнєр мектеби, анын 9 филиалы, Курманжан Датка атындагы тарыхый музей, Алай музыкалык драма театры бар. Аталган маданият мекемелери кезектеги ремонттон єткєрїлїп, учурдун талабына ылайык жасалгалоо иштери жїргїзїлгєн.
Райондун маданият тармагында бардыгы болуп 151 адам иштеп, бардык тармак боюнча кадрлар менен камсыз болгон. Район боюнча китепканаларда 222315 китеп фондусу бар. Ал эми быйыл «Рухтун 100 долбоору» алкагында китепканаларды китеп менен камсыз кылуу максатында єткєрїлгєн марафондо 17080 сом акча топтолуп, ага китеп сатып алынган. Элдерди маданий жактан тейлєєдє спектаклдер, концерттер коюлууда.
Акыркы убакта маданият їйлєрїнїн абалын кароо, маданият кызматкерлеринин иштерине дем берїї максатындагы айлык акыларынын кєтєрїлгєндїгїнє карабастан бул багытта аткарылып жаткан иштер талапка жооп бербей келет. Мисалы Їчдєбє айыл єкмєтїндєгї маданият їйїнїн, китепканасынын абалын кєргєн адамдын боору ачый турган абалга жеткен. 300 орундуу маданият їйїнїн (башчысы Ш.Тойтуков) курулушу 1955-жылы бїткєрїлїп пайдаланууга берилген. Андан кийин 1981-жылы полу жаўыртылып, їстї кайрадан жабылуу менен ремонттон єткєрїлгєн. Маданият їйїндєгї жалпы отургучтардын саны азыр 200гє жетпейт. Айнектер талкаланган, качандыр бир убакта терезелерге капталган клеенкалар жыртылып, шамалга учуп салбырайт. Эшикти кайтарган чоў кара кулпу ал жерде маданий иш-чаралардын єтпєгєндїгїн билдирип турат. Китепкананын ичи абдан тар, окуу їчїн 4 орундук коюлган. Жыл ичинде бул библиотекага бар болгону 9 гана жаўы китеп келтирилген.
Алай районунда биринчи медико-санитардык жардам берїї багытында 1 їй-бїлєлїк дарыгерлер борбору, 11 їй-бїлєлїк дарыгерлер топтору, 26 фельдшердик- акушердик эмканалар, учук жана їй-бїлєнї пландаштыруу, ден соолукту чыўдоо бєлїмдєрї иш алып барышууда. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыўдоо багытында эл аралык, єкмєттїк эмес уюмдар аркалуу 2006-жылы 2171 миў сом акча каржыланган.
Райондогу медициналык мекемелер тарабынан улуттук жана мамлекеттик программалардын аткарылышы белгиленген иш-чараларга ылайык толук аткарылууда. Райондо жаш балдардын єлїмї (1000 балага) 2004-жылы 29,9ду тїзсє, 2005-жылы 25,3тї, ал эми 2006-жылы 22ни тїзгєн. Ал эми энелердин єлїмїн анализдегенде 2004-жылы 72,6ны, 2005-жылы 163,8ди, 2006-жылы 105,5ти тїзгєн. Жугуштуу сарык оорусу 2005-жылга салыштырганда 194 ооруга азайган, ал эми бруцеллез оорусу 6 ооруга кєбєйгєн. Анын себеби райондогу ветеринардык адистердин бруцеллез оорусу боюнча эпизоотиялык иш-чараларды начар жїргїзгєндїгїнєн айыл чарба малдарынын арасында бул оорунун сакталып калгандыгында болууда.
Ал эми кемчиликтерге токтоло турган болсок, райондук аймактык оорукананын (директору Б.Омошев) 23 койкалуу хирургия бєлїмїнїн єзїндє эле травматология, лор, урология бєлїмдєрї кошо жайгашып оорулар кабыл алынып келїїдє. Тєрєт бєлїмїндє (бєлїмдїн башчысы А.Омурзакова) кухня їчїн атайын бєлмє жок болгондуктан, тамактануу бєлїмдїн аялдарга медициналык агартуу иштерин жїргїзїї їчїн даярдалган фойесине уюштурулган. Тамактануу учурунда бардык коридор тамак жыттанып, идиш-аяктар салынган шкафтар, чакалар фойенин жалпы кєрїнїшїн бузуп турат. Аялдарды кабыл алуу, аларды тєрєткє даярдоо бєлмєсїндєгї ваннанын ичинде кагаздар, нан кїкїмдєрї ыргытылган жана 20 литрлик єлчємдє суу толтурулуп ар дайым ысык кармалып туруучу идиштеги суу муздак боюнча. Канализация иштебегендиктен туалеттеги суу саркынды болуп агып кетпестен турат. Ага кїндє чакалап суу куюп, тазалап турушаарын айтышты. Аялдардын жана балдардын керектїї тряпкалары баш-аламан жайылып жатат. Бул кєрїнїш албетте санитардык-гигиеналык талапка жооп бербестиги анык. Коўурдєбє айыл єкмєтїндєгї Арпатектир айылындагы ФАПта 2 тонна кємїрдїн ордуна 300- 400 кг начар сапаттагы майда кємїр тїшїрїлгєн. Кабинеттери суук жана медициналык инвентарлар жетишпейт.
Жогоруда келтирилген майда бирок маанилїї маселелерди албетте бєлїмдїн єзїндє эле чечип коюуга болмок. Ошондой эле, акыркы 3 жылда райондо медициналык кадрлар менен камсыз кылуу тємєндєп барууда. Тажрыйбалуу дарыгерлер аз, жогорку билимдїї кадрлар жетишпейт. Мунун єзї калкты медициналык жактан тейлєєдє олуттуу тїрдє коркунучту туудурат. 2006-жылга жаўы врач адистер келген эмес. Ушул кїндє райондун медициналык мекемелерине акушер-гинеколог, анестезиолог, педиатр, терапевт, невропатолог, хирург, окулист, психиатр, инфекционист жана башка адистер жетишпейт.
Алай районунда жалпысынан айыл чарбасына жарактуу 358682 га жер бар, анын ичинен айдоо 6259 га , кєп жылдык 42 га , чєп чабынды 16434 га жана 335947 га жайыт болуп саналат. Ошондой эле район боюнча 23184 баш ири мїйїздїї мал, 11131 баш жылкы, 123854 баш кой эчки, 36030 їй канаттуулары бар. Быйылкы жылы ар 100 баш уйдан 87,5 музоо, ар 100 баш бээден 85,5 баш кулун жана ар 100 баш койдон 101,5 баш козу алынган. 2005-жылга салыштырмалуу: эт є нд ї р її 101,5 пайызга; с ї т є нд ї р її 102 пайызга ; жумуртка є нд ї р її 103,5 пайызга , ж ї н є нд ї р її 100 пайызга аткарылган.
С їт єндїрїїдє Будалык айыл єкмєтї 97,7 пайызга, жумуртка єндїрїїдє Корул айыл єкмєтїндє 94,1, Кабыланкєл айыл єкмєтї 80,3 пайызга, жїн єндїрїїдє Будалык айыл єкмєтї 93,1, Гїлчє айыл єкмєтї 98,9 пайызга араў аткарышкан.
Дыйкан, фермерлерди сугат суу менен камсыз кылууда чарбалар аралык 44,8 км ., ички чарбалык 300,7 км . канал, арыктар бар. 2006-жылдын ноябрь, декабрь айларында чарбалар аралык 0,2 км . же 17 пайыз канал ремонт, 0,3 км . же 10 пайыз механикалык тазалоо, 3 даана гидротехникалык курулуштар ремонт болуп, ички чарбалык 125 км . канал элдин кїчї менен ашар ыкмасында тазаланды.
Райондун айыл єкмєттєрїндєгї кайра бєлїштїрїї фондусунун жери 1920 га тїзїп, анын 389 га колунда жок жакыр їй-бїлєлєргє ижара акысыз, 1018 га жер ижарага конкурстук негизде берилген. 513 га жер таштак жана алыс жайгашкандыктан иштетилбей калган. Ижарага берилген жер їчїн 252400 сом ижара акы чогултуш керек болсо, бїгїнкї кїндє 232 миў сом чогултулуп, 85,4 пайызды тїзєт.
Дыйкан, фермерлерге кємєк к є рс є т її максатында берилген Япон грантары жана бюджеттик ссудалар 2007- жылга Япон гранты 842,1 миў сом, бюджеттик ссуда – 1117,9 миў сом калган. 2006-жыл ичинде ичинде укук коргоо органдарына 11 чарбалык субьекттин иши єткєрїлїп берилип, андан 43 466 сом єндїрїлгєн.
Ал эми мамлекеттик резерв фондусунан 372,8 тонна аштык буудай 21 чарбалык субьектилерге бєлїнїп берилип, бїгїнкї кїнгє 183,2 тоннасы мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кайтарылган жана 126,4 тонна буудайдын тєлєє мєєнєтїн узартуу їчїн тиешелїї документтер такталып, жогорку органдарга жєнєтїлгєн.
Райондун калкын таза суу менен камсыз кылууда 2002-2003-жылдары 35 айылга проектилер даярдалып, кабыл алынган. Бирок, бул проекттердин аткарылышы боюнча иштер жакшы жїрбєй жатат. Негизинен элден чогултулуучу 5 пайыздык тєлємдєрдї топтоо боюнча айыл єкмєттєрїндє эл арасындагы тїшїндїрїї иштери начар.
М исалы: Ленин айыл єкмєтїндєгї Даўги-булак суу проектиси 2005-жылы бїткєрїлїп, жалпы сметалык баасы 5 млн. 595 миў сомду, анын ичинен калктын алдын ала тєлєнїїчї 5 пайыздык тєлємї 279 700 сом болгон. Бирок бїгїнкї кїнгє анын 109 миў сому же 39 пайызы гана араў топтолгон.
Кабыланкєл айыл єкмєтїндєгї таза- суу проектисинин жалпы сметалык баасы 7 млн 218 миў сом, анын ичинен 5 пайыздык тєлємї 466100 сом болгон. Азыркы кїнгє 320200 сом жe 68 пайыз топтолгон. Бул проектинин курулушу жумушчу комиссиясынын кароосунан єткєрїлїп, кемчиликтери белгиленгендигине карабастан, дале болсо кемчиликтер жоюлбай келе жатат.
Жошолу айыл єкмєтїндєгї таза суу проектиси 2003-жылдан бери бїтпєй жатат. Сметалык баасы 17 млн 392 миў сом, анын ичинен элдин 5 пайыздык тєлємї 867600 сом болгон, бирок азыркы кїнгє 145 миў сом же 16 пайыз, 15 пайыздык элдин жумуш аткаруусу 46 пайызга араў аткарылган. Бул таза суу проектисин « Пластполимер » чакан ишканасы толук б ї т ї рб є й таштап кеткен. 2006-жылдын сентябрь айынан баштап курулушту «Уста» чакан ишканасы улантууда.
Талдысуу айыл є км є т ї нд є г ї « Сары-Кыр С уу » проектисинин курулушу б ї тк є р ї л ї п элге пайдаланууга берилген, жалпы сметалык баасы 7 млн.757 ми ў сом, анын ичинен элдин 5 пайыздык т є л є м ї 287800 сом б ї г ї нк ї к ї нг є болгону 57 ми ў сом, же 20 пайызга чогултулган .
Гїлчє айыл єкмєтїндє таза суу программасы 2003-жылдан бери чечилбей келе жатат. Жалпы сметалык баасы 17 млн. 854 миў сомдук проектинин курулушу башталган. Элдин 5 пайыздык тєлємї 892700 сом болгон, бїгїнкї кїнгє 592800 сом чогултулуп, 66 пайызга аткарылган. Ал эми 15 пайыздык жумуш аткаруусу 1 млн. 148 миў сом же 42 пайызга аткарылып, 2004-жылы бїткєрїлїшї керек болсо да азыркы кїнгє чейин бїткєрїлбєй келе жатат. Таза суу проектисинин курулушу Алай айыл курулуш ишканасы тарабынан жїргїзїлїїдє. Бїгїнкє кїндє курулуш иши толук бїткєрїлбєй , элге єз деўгээлинде суу берилбей жаткандыктан эл арасында нааразылыктар пайда болуп, 5 пайыздык тєлємдї чогултууга терс таасирин тийгизїїдє. Ушул эле айыл єкмєткє караштуу Курманжан Датка айылындагы таза суу проектиси бїткєрїлїп, элге берилгени менен 5 пайыздык тєлємї 14 пайызга араў топтолгон.
Сарыташ айыл єкмєтїндєгї 5548,9 миў сомдук таза суу проектисинин 5 пайыздык тєлємї 277,4 миў сомду тїзєт. Элден 2004-2005-жылдары ал сумманын 163,8 миў сому жыйналып, 113,6 миў сому калган. 2006-жылы бир сом да чогултулган эмес. Ал эми айыл єкмєт башчысы Б.Тойматов болсо ал акчаны жыйноонун ордуна Ош облустук мамлекеттик администрациясына карыздан кутулууга жардам берїї єтїнїчї менен кайрылуудан бошобой жатат.
Жогоруда аты аталган айыл єкмєттєрїндє 5 пайыздык жана 15 пайыздык тєлємдєрдїн аткарылбагандыгынын негизги себеби айыл єкмєт башчылары жана СООППВнын жетекчилери эл арасында тїшїндїрїї иштерин толук жїргїзбєгєндїктєн, башка айыл єкмєттєрїндє таза суу проектисинин жаўы курулушун баштоого терс таасирин тийгизїїдє.
Aл эми 5 пайыздык акча каражатын Коўурдєбє айыл єкмєтїнєн 90400 сом, Їчтєбє айыл єкмєтїнїн Чоўкаракол айылынан 50000 сом толук топтолуп, Ош облустук таза суу департаментине которулуп берилген. Бирок бул айылдар проектиге кирбей калып, бїгїнкї кїндє Ош облустук таза суу департаментинен бул акчаны айыл єкмєттїн счетуна тез арада которуп алгыла деп кат барып, бул эл арасында чоў нааразычылыктарды жаратууда.
Райондук мамлекеттик администрациясында «Таза суу» программасын аткаруу боюнча 12 кишиден турган Координациялык Кеўеш тїзїлгєнї менен, бул кеўештин заседаниеси бир да жолу єткєрїлгєн эмес.
Райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратында номенклатура боюнча 9 жооптуу кадр иштейт. Анын ичинен 3 саясый, 6 административдик мамлекеттик кызматкерлер болуп саналышат. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына, анын эки орун басарынын ар бирине їчтєн кадр резерв болуп бекитилген. Бирок, кадрлардын резервинин атайын папкалары жана тийиштїї документтери чогултулган эмес. Райондогу номенклатурадагы жетекчи кадрлардын да єздїк делолору толук эмес жана алардын сапаттык курамы тїзїлгєн эмес.
Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кадр саясатына жакшы кєўїл бурулбай келїїдє. Райондук структуралардын жетекчилеринин алмашуусу Кыргыз Республикасынын Президентинин бул маселе боюнча 2005-жылдын 19-августундагы «Кыргыз Республикасынын борбордук жана жергиликтїї мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин андан ары єркїндєтїї боюнча кээ бир чаралар жєнїндєгї» №332-Указы чыккандыгына жана Ош облустук мамлекеттик администрациясынын кадрлар номенклатурасы бекитилип, бардык райондордун жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине жеткирилгендигине карабастан, облустук мамлекеттик администрациясынын макулдугусуз жїргїзїлгєн фактылар бар. Мисалы, 2006-жылы Алай районунда ички иштер бєлїмїнїн, №959–ДЭПтин, салык инспекциясынын, мамлекеттик каттоо борборунун жетекчилери жана райондун аскер комиссары облустук мамлекеттик администрациясынын макулдугусуз алмашкан. Акыркы кездерде айыл єкмєттєрїндє жана райондук мекеме-ишканаларда кадрлардын максатсыз алмашуусу єтє кєп кездешїїдє. Бул да болсо мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын тємєндїгїнєн болууда. Бирок жетекчилер єз кадрларынын кетип калуусунун алдын алуу їчїн алар менен тїшїндїрїї иштерин, алардын эмгегин стимулдаштыруу багытында иштерди жїргїзбєй жаткандыгын, кадр саясатын жїргїзїїдєгї иштердин солгун жїрїп жаткандыгын билдирет. Мисалы, єткєн жыл ичинде раймамадминистрациясынын аппаратында 9 адамдын ичинен 6 адам, айыл єкмєттєрїнїн аппаратынан 20 дан ашуун адам алмашылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын Оштогу бєлїмї райондордогу адистер їчїн атайын окуу курстарын, семинарларды уюштуруп, материалдык чыгымдарды жасагандыгы менен, ал кадрлар жумуштан кеткен учурда бардык убаракерчилик текке кетїїдє.
Ошондой эле, айта кетїї керек эмгек тартибине болгон кєзємєл да тийиштїї деўгээлде жїрбєй жатат. Атайын облустан келген жумушчу топтун мїчєлєрї айыл єкмєттєрїнїн жана райондук мекеме-ишканаларынын кызматкерлерин кызмат ордунан таба албай, тийиштїї документтер менен таанышууга мїмкїнчїлїк болбогон фактылар да кездешти. Аларга мисал кылып райондук салык инспекциясын, Жаўыалай, Коўурдєбє, Їчтєбє, ж.б. айыл єкмєттєрїн айтсак болот.
Райондун аймагында муниципалдык менчикти башкаруу концепциясын ишке ашыруу боюнча муниципалдык менчиктеги объектилердин реестри толугу менен тїзїлгєн. Бирок бул боюнча кабыл алынган токтомду реализация кылууда кагаз жїзїндє гана буйруктар кабыл алынып, андагы иш-чаралардын аткарылышы боюнча иштиктїї кєзємєл жїргїзїлгєн эмес. Мисалы, Жаўыалай айыл єкмєтїндє ал буйрукту жана иш-чарасын кєрсєтє алышкан жок. Ал эми Алай айыл єкмєтїндє муниципалдык менчиктер кароосуз калган. Муниципалдык менчиктер боюнча тийиштїї кварталдык маалыматтар райондук мамлекеттик администрациясынан формалдуу тїрдє гана берилип келген.
Жыл ичинде райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.У.Калыбаев эл менен жолугушуу жыйындарын райондун бардык айылдарында 7468 адамдын катышуусу менен єткєрїп, анда 328 адам сєз сїйлєгєн жана 236 сын-сунуш айтылган. Райондун акими эл менен жолугушканда калк тарабынан айтылган сын-сунуштардын кєпчїлїк бєлїгї жеринде чечилген. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган буйруктар айыл єкмєттєрїнє келип, тийиштїї чечимдер кабыл алынган. Бирок, алар кагаз жїзїндє гана калып, иш-чаралардын аткарылышына кєзємєл жїргїзїлгєн эмес жана аткарылгандыгы боюнча маалымат жок. Буга мисал кылып, Жаўыалай (М.Абдылдаев), Сарыташ (Б.Тойматов) айыл єкмєттєрїн айтсак болот.
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын атайын буйругу менен облус аймагындагы ар бир жергиликтїї єз алдынча башкаруу органдарына облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жооптуу болуп бекитилип, алардын жергиликтїї єз алдынча башкаруу органынын башчысы менен бирдей жоопкерчилиги милдеттендирилген. Бирок, анализ кєрсєткєндєй, кєпчїлїк жетекчилер айыл єкмєтїнє келип, практикалык, колунан келсе материалдык жардам кєрсєтїїнїн ордуна єздєрїнїн адистерин, орун басарларын жєнєтїп коюшуп, айыл єкмєтїнєн жазуу тїрїндєгї формалдуу справкаларды алуу менен алектенишїїдє.
Райондук мамлекеттик администрациясына жыл ичинде жогорку органдардан 216 нормативдик документтер келип, жарандардын 146 арыз-даттануулары катталган жана алардын їстїнєн бир топ иштер жїргїзїлгєн. 2006-жылы райондук коллегиялык жыйында жалпысына 12 пландык маселелер каралган. Анын ичинен 2 жолу аткаруу кєзємєлї боюнча маселе каралгандыгына карабастан, бул багытта иштер жандандырууну талап кылат.
Анализ кєрсєткєндєй, нормативдик документтерди аткаруу тартиби одоно тїрдє бузулуп, келген документтерге тийиштїї буйрук, токтомдор кабыл алынып, андан ары ал документтин аткаруу кєзємєлї жок болуп калган. Жыйынтыгында айыл єкмєттєрїндє, райондук структураларда да ушундай эле процедура кайталанып, раймамадминистрация документтин кийинки тагдырынан кабарсыз. Мисалы, аткаруу тартибин кєзємєлдєє боюнча кабыл алынган райондук мамлекеттик администрациясынын «Райондун айыл єкмєттєрїндє, мекеме-ишканаларында жогорку органдардан келген нормативдик документтердин аткарылышы жана жарандардан келип тїшкєн арыз-даттануулар менен иштєєнїн абалы жєнїндєгї» 2006-жылдын 28-февралындагы №24-токтомунун контролдук папкалары жана аталган токтомдун аткарылып жаткандыгын тастыктаган башка документтер жок болгондон кийин башка документтерге кандай деўгээлде кєзємєл жїргїзїлїп жаткандыгын айтуунун кереги жок. Ал эми бул документ айыл єкмєттєрїнє жетип, кєпчїлїк жерде аны анализдєєнїн ордуна формалдуу реализация болуп, заседаниелерде талкууга алынган эмес. Мисал катары, Алай айыл єкмєтїн (С.Мамытов), Їчтєбє айыл єкмєтїн (С.Жолдошбаев) райондук мамкаттоо башкармасы (К.Олоков) ж.б. айтсак болот.
Райондук мамлекеттик администрациясында ошондой эле аткаруу мєєнєтїнє эскертїї берип туруу системасы жок.
Ошондуктан, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аткарууга алынган документтерди мєєнєтїнєн кечиктирїїгє жол коюлган учурлар бар. Мисалы, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 6-мартындагы «Жазгы таачылык жумуштарына даярдыктарды кєрїї жєнїндєгї» №15-токтому (36 кїн); 2006-жылдын 22-августундагы «Ош облусунун укук коргоо органдарынын диний экстремизмге жана терроризмге каршы кїрєшїї, мал уурулукка, коомдук тартипти сактоого, жарандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча иштери жєнїндєгї» №22-токтому (90 кїн) ж.б.
Жарандардын арыз-даттануулары менен иштєє да жакшы жолго коюлган эмес. Атайын журналда оозеки кабыл алууда болгон жарандардын маселесинин чечилгендиги жєнїндє белгиленген эмес жана карточкалар да тїзїлгєн эмес. Каттоо журналдары єз деўгээлинде жїргїзїлбєйт. Арыз ээлерине жазуу тїрїндє жооп берилбеген фактылары жана мєєнєтїнєн кечиктирилип жооп берилген учурлар бар. Аларга мисал кылып, райондук билим берїї бєлїмї (Д.Жээнбеков) тарабынан Талдысуу орто мектебинин директору Артыков Тагайбектин арызына 81 кїн кечиктирилип жооп берилгендигин айтсак болот. Ушундай эле абал Сарыташ (жооптуу катчы З.Омбулова), Бїлєлї (жооптуу катчы Б.Токтосунов) айыл єкмєттєрїндє да кездешет.
Справканы даярдагандар:
| Икрамов С.И. |
| Максутов М.М. |
| Темиралиева Г.Т. |
| Мурзабаев М.К. |
| Умарова А.Т. |
| Бакиров Р.Т. |
| Жаназаков А.Ш. |
| Ашимов М. |