Курултайдан шырбаян
ЭКОНОМИКА ЖАЙЫНДА. КЫЗ АЛА КАЧМАЙ КЄБЄЙДЇ
Єзгєн шаарынын жергиликтїї жамааттарынын 5-курултайы мынчалык курч мїнєздє жїрєєрї єўїмє эмес тїшїмє да кирген эмес. Дале шаўдануу жана мактануу менен чектелишет го деп ойлогом.
Єзгєн шаар башчысы Сабыр Атаджанов 2006-жылдын отчетун тапшырып жатканда кургак сандарга таянгак жок. Ар бир сєзїн фактылар менен бекемдєєгє катуу далалат кылды. Былтыр айыл чарбасынын єсїї темпи 103 пайызга жогорулады. 575 миллион 369 миў сомдук товар жїгїртїлїп, мурунку жылдарга салыштырганда 113,5 пайызды тїздї. Акы тєлєп калкка кызмат кєрсєтїї 152 пайызды чапчыды. Айтор, басымдуу тармактарда єткєн мезгилге караганда кыйла жылыштар бар.
Ошентсе да, коомуналдык жана суу чарба, архитектура чєйрєсїндє мїчїлїштєр толтура. Салык топтоо да жайында эмес. Жумушсуздук маселеси дале жїрєк оорутуп жаткан кез. 2005-жылы табигый кырсыктан жабыр тарткандар толук тїрдє ссуда менен камсыз этилбеген. Демек, быйыл кєўїл борборуна тїйїлїп, аткарылчу милдеттер арбын.
- Шаарыбызда салтта жок їрп-адаттар турмушубузга сиўип бараткандыгы тереў ойлондурбай койбойт, - деп кейип-кепчиди калаа башчысынын орун басары Махамджан Насыров. – Кыз узатуу каадасы жергиликтїї тургундарды оўбогондой чыгымга учуратып атат. Дагы єкїнїчтїї жери: 15-16 жашар эселектерди кїйєєгє мажбурлап чыгаруу фактысы арбыды. Мунун кесепетинен ажырашуулар же атасыз тєрєгєндєр саны 1748ди тїзїп олтурат. Бул катталганы гана. Билинбегени канча?
Кийин жарыш сєз талашкандар кыз ала качмай, жаратылыш апаатынан жапа чеккендер тагдыры, интеллигенция жана депутаттардын коомдогу орду, молдолордун бузукулугу, укук коргоо органдарынын бечелдиги, жер, турак жай, башаламан базар, тосмолонгон автожолдор, канализация, таза суу туурасында кайчылаш пикирлерин ортого салышты.
Курултайда сєз тизгини тийген Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиев Єзгєн шаар мэри С. Атаджановдун, район акими Ї.Абдыраимовдун дарегине ачуу сын агытып, «Коммунальщик», «Даназык», «Стоматология» ишканаларынын салык тєлєєсїнє ичи чыкпагандыгын жашырбады.
- Экономикалык кєрсєткїчї 200 пайызды тїзсє да, кимде ким улуттар аралык мамилеге от койчу болсо, сєзсїз кызматынан кол жууйт, - деп оюн кескин билдирди Ж. Сатыбалдиев. – Андыктан, бул єўїттє жетекчилерден єтє сергектикти талап кылам жана эки элдин ынтымагын кєздїн карегиндей сактоону бааарыўыздардан єтїнєм.
Губернатор Ж. Сатыбалдиев МАИ, РИИБ, райЭБББ, базар башчыларынын короосуна да жїйєєлїї таш ыргытты. Жаш кыздардын убалына калып жаткан фактыларга кєз жумган прокуратура, милиция органдарынын, ошондой эле документсиз нике кыйган молдолордун жоопкерчилиги жакынкы кїндєрдє катуу суралаарын эскертти.
Курултайда анын делегаттары Єзгєн шаар башчысынын отчетун канааттандыраарлык деп табышты. Болочок пландарга тїзєтїїлєр киргизилди. Соўунда калаанын бир топ алдыўкы жарандарына Ардак Грамота тапшырылды. Эў кызыгы: мэр С. Атаджанов губернатор Ж. Сатыбалдиев катуу сындаган ишканалардын жетекчилерине сыйлык ыйгарып, ыўгайсыз абалда калтырды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы
Телефондорум: (03222) 2-28-30; 7-71-97; (0502) 44-78-29