Башредактордун єз колуна – номур їчїн!
«Сары алтын» жергесинде
КЄЙГЄЙЛЄР ДАЛЕ ТОЛТУРА
Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиев адегенде Ноокат районунун Бешкоргон кыштагына баш бакты. Бїтпєй турган жаўы мектепке тегерете тигилип, облмамадминистрациянын атынан 100 шифер каралашаарын билдирди. Аким Абдыганы Алиев эми уялды єўдєнєт, 40 миў сом бєлєєрїн угузду. А Гїлистан айыл єкмєтїнїн башчысы Эргеш Шанназаров тїрткї берїїчї гранттын эсебинен 1 миллион 66 миў сом ажыратылгандыгын сїйїнчїлєдї.
Райондук борборлоштурулган оорукананы кыдырып, чындыгында, ичибиз жылыды. Тїзїлгєн шарт, орнотулган заманбап медициналык жабдыктар «ак халатчандар» ишинин дурус экендигин кабарлагансыйт. Ошентсе да, башкы дарыгер Адыл Эгембердиев мыкты адистер Орусияга карай агылып, анын айынан терапевт, акушерлер жетишпей жатышкандыгын кыйытты. Балдар реанимациясы бєлїмїнїн ремонтун губернатор Ж. Сатыбалдиев кубаттай тургандыгын туйдуруп, кєп жылга чыдагыдай жасоо керектигин кошумчалады.
Райборбордун чок ортосунда жайланышкан базардын коомдук тамактануучу жайларынын босогосун аттаган Жантєрє Жолдошевич дароо антисанитардык акыбалга тушугуп, аким Абдыганы Алиевдин, базарком Жаныш Орозалиевдин кулагына ыраса кумча куйду. Дале мурду балта кеспеген самсахана ээси Абдыталип Кочкаров кир идиш-аяктарын, чачылган тамактарын, суук сєєрїлєрїн жана олтургучтарын кармалап ого бетер кыжырга тийди.
Ноокат жергесинин бїтїндєй активи катышкан раймамадминистрациянын коллегиясынын отурумунда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын агрардык єнїгїї бєлїмїнїн башчысы Жуманазар Камалов кенен билдирїї жасады. Анын айтымында, аймакта айыл чарбасына жарактуу 317 миў 923 гектар жер бар. Былтыр андан 2 миллиард 683 миллион сомдук дїў продукция єндїрїлїп, єсїї темпи 101 пайызды тїзгєн. Ошого карабастан буудай 2943, жашылча 3210 тоннага аз жыйналган.
Айыл єкмєттєрїнїн энчисиндеги 8797 гектар аянттын 2823 гектары кысыр калган. Жергиликтїї бийлик жер салыгынын тєлємї жогору деген жєнєкєй эле шылтоо. Ижара акысы 6 миллион 370 миў сомду чапчыса, анын 4 миллион 329 сому гана (68 %) араў топтолгон. Мында Кєкбел (К. Айткулов), Караташ (З. Зулпукаров) єз милдеттерине шалаакы мамиле кылышкандыгы, албетте, єкїндїрбєй койбойт.
Ноокат районуна 2006-жылы 446 миллион сомдон ашуун инвестиция тартылды. Басымдуулугу агартуу, медицина, маданият, транспорт, коммуникация, коммуналдык чарба, энергетика, єнєр жай жана социалдык тармактарга жумшалды. Элетти инвестициялоо долбоорунун (АРИС) алкагында, ошондой эле дїйнєлїк жана Азия єнїгїї банктарынын, МерсиКОнун колдоосунда ири обьектилер бїткєрїлїп, пайдаланууга киргизилди.
Кєпчїлїк айыл єкмєттєрїнїн жїргїзїп аткан иштери мезгил талабын таптакыр канааттандырбайт. Жергиликтїї жетекчиликтин кадрдык курамы, билим-тажрыйбасы жїрєк гана оорутат. Танып не, тиешелїї адистер, айрыкча айыл башчылары сабатсыз, эсеп-кысап китеби жок алакан жайып, оозун ачып олтурушат.
Эў кейиштїїсї: Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын токтом, буйруктары айыл єкмєттєрїндє чаў басып, кагаз жїзїндє калгандыгы билинди. Демек, аким А. Алиев, орун басарлары, тийиштїї кызматкерлери єз документтеринин аткарылышын такай кєзємєлдєбєгєнїнїн кесепети ушул. Мында райадминистрация жана айыл єкмєттєрї ортосунда таптакыр карым-катыш жоктугу даана байкалып турбайбы.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин демилгеси аркасында бєбєктєргє уюштурулган шашке тамактан да єєнєлгєн фактылар бар. Мисалы, Хужамов, Г. Гулям атындагы орто мектептерди (директорлору Р. Жураев, М. Мамажанов) текшергенде, булочка - 2,50, сїт 2 сом экендиги аныкталган. Ал эми ар окуучудан ашкан 50 тыйын аларды тейлєєчїлєргє коротулган. Мындан тышкары А. Темур атындагы орто мектепте булочка – 2,50 сом, сїт 1,60 сом. Калган 90 тыйын башка тєлємдєргє (маянага, электр энергиясына) жумшалган. Ошентип, ноокаттык чоўдор мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун 2006-жылдын 21-сентябрындагы «Ашпозчу жана идиш-аяк жуугучтарды кармоо акысы айыл єкмєттєрїнїн эсебинен чечилсин» деген № 02-3598- расмий катын тоготушпагандыгы чындап кечиримсиз.
Ушундай мїчїлїштєрдєн соў Ноокат акими А. Алиев облмамадминистрациянын дарегине ыраазычылыгын билдиргенге шашты эле, губернатор Ж. Сатыбалдиев жаны кашайып, кепти башка нукка бурду. Бїтпєгєн БАМ каналы, мал ылаўы, тамеки, турак жай, статистика, жалган отчет, сугат жер, мектеп, їй-бїлєлїк дарыгерлер, таза суу, жумушсуздук кєйгєйлєрї кєўїл борборунда турду. Трибунага чакырылган райондук, айылдык деўгээлдеги жетекчилер конкреттїї жообу жоктугунан улам ой-тоону сїйлєп, залда олтургандарды кїлдїргєнгє гана жарашты.
Губернатор Ж. Сатыбалдиев баштаган Ош облустук мамлекеттик администрациясынын коллегия мїчєлєрї Ноокат райакими А. Алиевге, башка жетекчилерге, айыл єкмєттєрїнє былтыркы мїчїлїштєрдєн быйыл чукул арада арылууну сунуш этишти. Кєбїнє эскертип, азын кызматынан четтетїї жагын тийиштїї органдарга табышташты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы