Кєчмє жыйын баяндайт
АРАВАНДА АБАЛ ЧАТАКПЫ?
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын кезектеги кєчмє жыйынында Араван районунун 2006-жылдагы жыйынтыгы каралды. Анда аймактагы абал жайындабы, же чатакпы деген соболго жооп табылгансыды.
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык-маданий єнїгїї бєлїмїнїн башчысы Мамырайым Дуванаев кыскача тємєндєгїлєргє токтолду. Райондо бейєкмєт уюмдар менен иштешїї практикасы кудайга шїгїр. Маселен, «Мехр-Шавкат» фонду (директору М. Тилевалдиева) 123 єз ара жардамдашуу тобун тїзїп, былтыр мїчєлєрїнє 8 миллион 180 миў сом акчалай кредит бєлдї. Анын акыбети кайтып, кєп элеттиктер бутуна турганга їлгїрїштї. Ошондуктан, бул тажрыйба башка аймактарга да жайылтууга муктаж.
Райондун экономикалык божомолу 102,6 пайызга аткарылып, 89 миллион 310 миў сомдук єнєр жай продукциясы єндїрїлдї. Чекене товар жїгїртїї 104,4, акы тєлєп кызмат кєрсєтїї 105,1 пайызды тїздї. Жыл бою 15 жаўы ишкана пайдаланууга тапшырылды. Ошого жараша салык топтоо 104,2 пайызды чапчып, демек, мамлекет казынасына 20 миллион 897 миў сом тїшїп олтурат. Мындан тышкары аймакка 112 миллион 736 миў сом инвестиция тартылып, экономиканын єйдєлєшїнє жумшалды.
Ошентсе да, 2005-жылга салыштырмалуу былтыр 3097 тонна буудай аз топтолуп, тїшїмдїїлїк кыйла тємєндєгєн. Жїн жана сїт єндїрїї да жайында эмес. Заман талабына ылайык айыл чарба кооперативдерин уюштурууга негедир кєўїл бурулбай жаткандыгы єкїндїрєт. Мындан тышкары їч їрєнчїлїк мекемеси район дыйкандарынын муктаждыктарынын 28 гана пайызын канааттандырып, чоў проблема жараткан кербези.
Айыл єкмєттєрїнїн энчисиндеги 3590 гектар аянттын 214 гектары пайдаланылбай, кысыр калган. Мында жергиликтїї бийликтин кїнєєсї бар экендиги талашсыз. Ошого жараша ижара жана суу тєлємдєрїн топтоо да кєўїл гана оорутат. Дагы кейиштїїсї: турак жай куруу їчїн сугат жерлер ыйгарылган фактылар чекеден чубалат. Мунун бардыгы генпландын жоктугуна барып такалат. Таза суу дале кендирди кескен кез. Бирок, сугат суусун пайдалангандардын деле акыбалы чеке жылытпайт. Карыз учурда 1 миллион 282,4 миў сомду чапчып олтурат. Бул багытта тиешелїї жетекчилердин аракети таптакыр байкалбайт. Аравандын мектептеринде балдардын сабакка катышуусу жїрєк тызылдатат. Себеби, бир класста 5-6 окуучунун агартуу процесстерине катышпоосу єнєкєткє айланган. Мисалы, Ч. Айтматов, Х. Анаров, М. Кадыров, Маткасымова атындагы билим журттарында мындай фактылар гана кездешпестен, айрым предметтерден мугалимдер дагы жетишпейт. Окуу куралдары тартыш. Ошого улай тартип маселеси да єзїнчє сїйлєшїїнї талап кылат.
Медицина да мышык ыйлагыдай акыбалда. Айрыкча їй-бїлєлїк дарыгерлер їчїн шарт кєўїл сыртында калган. Буга С. Юсупова айыл єкмєтїнє караштуу дарыгерлер тобу олтурган имарат кїбє. Аларга бєлїнгєн тез жардам машиналарына кардар бензин куйбаса, єлїп баратса да барышпайт.
Кыскасы, Араван районун мамлекеттик администрациясы, айыл єкмєттєрї, мекеме-ишканалары жана уюмдары аймактын социалдык-экономикалык жактан єнїгїшї їчїн колдогу мїмкїнчїлїктєрдї толук пайдаланбай жаткандыгы билинип олтурат. Ошонун кесепетинен 2006-жылкы пландардын кєпчїлїгї їзгїлтїккє учураган.
Ал эми район акими Шамил Артыков «чї!» дегенде эле электр энергиясы їчїн дебитордук карыздарды єндїрїїдє, агартуу жаатында жана аскер комиссариаттары ортосундагы мелдеште Араван биринчи, ички иштер бєлїмдєрїнїн арасында їчїнчї орунду ээлегендигин жар салып мактанды. Андан ары калган ийгиликтерин санактап башты оорутту. Кемчиликтерди сєзсїз четтетебиз демиш этти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиев «Мэхр-Шавкаттан» башка бейєкмєт уюмдар жокпу? Эмне їчїн жаўыларын тїптєгєнгє умтулбайсыўар? Їрєнчїлїк планын 28 пайызга аткаруудан уялбайсыўарбы? Быйыл кургакчылык каптаса, кантесиўер? Фермерлерге, дыйкандарга неге жардамдашпайсыўар? Айыл чарба кооперативдерин, кредиттик союздарды тїзїп, тамекичиликти, пахтачылыкты єнїктїрїп, алардын наркын кєтєргєнгє ынтылбайсыўар? Базарда жалаў антисанитария! Кооператорлор єлїї жаткан каражатын єндїрїштї жандандырганга неге жумшабайт? Айыл єкмєттєрї ижара жана суу акысын єз убагында тєлєгєнгє убактысы жокпу? Їй-бїлєлїк дарыгерлерге калктын нааразычылыгы кїч. Ал качан токтойт? Мал уурулук деги тыйылабы? Менчиктештирїї процесси да жайында эмес? Мектептердеги адеп-ахлак сабагы, ашкана акыбалы чеке жылатпайт! Жаш кадрларга кам кєрїлбєйт? » сыяктуу соболдорду тийиштїї жетекчилерге кабыргасынан коюп, аларды трибунада катуу кызартты. Кєпчїлїгї адаттагысындай убадага тойгузуп кутулду. Азыраагы чайналып, залдагылардын кыжырын гана кайнатты.
- Кудайга шїгїр, дыйкандар жана фермерлер єз алдынча эмгектенип жатышат, - деп Жантєрє Жолдошевич агынан жарылды. – Кичине кыймылдап, болочокту ойлонуп, айыл чарба кооперативдерин уюштурсаўыздар, мындан сєзсїз утаар элеўиздер! Тилекке каршы, бул багытта аким жана айыл єкмєттєрї тарабынан аракет жок. Мындан ары дагы кайдыгерликке жеўдирсеўиздер, эч ким кечирбейт!
Кєчмє жыйын район жетекчилигинин жана активинин мойнуна кечиктирилгис милдеттерди такты. Кенебестик уят гана кылаарын кыйытты. Аман турсак, бїгїнкї убадалар жана эртеўки пландар канчалык деўгээлде аткарылганын окурман журтубузга маалымдоого дагы убакыт табаарбыз.
«Ак алтын» жергесинде
МЭЭНЕТТИН АРТЫ - ИЙГИЛИК
Соўку кезде Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облус губернатору Жантєрє Сатыбалдиев карапайым кишилердин турмушуна байма-бай аралашканга киришти. Мындай маанай Араван районун кыдырганда да єзгєчє байкалды. А жєнїндє кыскача кеп.
Кебекбаев атындагы орто мектептин спорт залы дале бїтпєй, атайын жардамга муктаж. Акыбалды єз кєзї менен кєргєн Жантєрє Жолдошевич токтоно албай: - Баскетбол торчосу, эки топ менден. Калганын дагы чогуу-чараан караштырабыз. Айыл єкмєтї да кыймылдасын! – деп чєккєн кєўїлдї кєтєрїїгє жарады.
Ачы айылында Азамат Тєрєкожоевди кимдер гана тааныбайт. Союз мегилинде «Колхозчу» спорттук уюмунун тєрагасы, бокс боюнча чебер эле. Жердештеринин проблемасын илгиртпей тїшїнїп, 16 орундуу мончо, конок кїтчї чайхана бїтїрїптїр. Мындан сырткары жаштар машыкчу жай ачып, анын тушоосун Нооруз майрамына карата кесээрин айтып кубантты. Ылайым калк камын жеген инсандар армиясы кєбєйїшїн тилейбиз.
Дыйкандар жана ишкерлер Махмуджан Каримов, Нурмахамад Турсунов, Асан Мансуровдун чарбаларын, ишканаларын кыдырып жїрїп губернатор Ж. Сатыбалдиев аларга ийгилик жолдоду. Сапарында жазгы талаа жумушу єнєктїгїнє, їрєндєрдїн сапатына, тїшїм акыбетине, малдардын асыл тукумдуулугуна, тоюттун камдалышына, кызматкерлердин санына жана маянасына, товардык кредитке абдан кызыкты.
Бирлик башталгыч мектебинин ашканасынын курулушу эртелетилишине, єздїк чарбасынын кеўейишине єзгєчє кєўїл бєлдї. Райархитектурага баш бакканда, анын начальниги Акрам Тажибаев: - Сугат жерлер тартыш. Жердештерибизге кєп кабаттуу їй курууну сунуштап жатабыз. Бирок, азырынча натыйжасыз, - деп ымандай сырын тєктї.
Райондун ортосундагы борбордук базарга киргенде эле маанайыбыз чєктї. Себеби, жол боюндагы продуктуларды чаў басып, товарлар кирдеген. Сатуучулардан сураганыбызда, колунда же патенти же квитанциясы жок. Базарком Адахан Ахмаджанов эч нерсе менен чатагы жоктой, улам жалтактап, суроолорду жоопсуз калтырып жатты.
«Эшигин кєрїп, тєрїн єт!» дейт элибиз. Аравандын базарынын босогосун аттаганда, чындап бїшїркєйсїў. Анткени, кєйгєйї толтура. Бирок, сатармандар а жєнїндє ооз ачышпайт. Анан базарком унчукмак беле…
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы