Кырсык баскан аймакта
СЕЛ. СЕЛЕЙГЕН ЭЛ
17-апрель тушко маал тынбай ношорлогон жамгыр акыры селге айланып, кыян журду. Айрым аймактарды кутулбогон кырсык басты. Кудайга шугур, олум-житим жок. Бирок, атайын уюшулган комиссия материалдык чыгымдарды эсептоого эми аран киришти.
Озгон районуна караштуу Куршап айыл окмотундо 94 уйду, 3 мектепти, жападан жалгыз стадионду, балдар бакчасын, милиция болумчосун, эки чон жана эки кичине копурону эбегейсиз суу каптады. Учурда тазалоо жумушу кызыган кез. Антсе да, кара куч жетишсиз.
- Болумчону жаны эле ремонттогонбуз, ка-ап, - деп окунгонун жашырбады капитан Мирбек Матиев. – Жертолобуз, спорт залыбыз ылайга чыланды. Архивибиз таптакыр жараксыз.
Калыбек Абжалиловду тыншап олтуруп чындап зээнин кейийт: - Дагы жакшы, чак тушто челектеп токту. 12 жан элек. Апааттан качып кутулдук. Кордунуздор го, корообуз кум-жам. 300 кило буудайыбыздан кол жуудук. Жаны эле 96 кило картошка эккенбиз, а да талкаланды.
Ал эми Кенжекан Абитахунова уч уулун жетелеп эжесиникине кочуп, жашап жатат. Баса, бу аймакты 2005-жылы да Шорсуу каналы ташып каптап, далай уйдун шорун кайнаткан. Тилекке каршы, ошондогу жабырлануучулардын копчулугу эмдигиче ссуда ала алышпай бушайман.
- Албетте, кечээги кырсыктан жапа чеккен 94 уй-булону башка жакка кочурууго дараметсизбиз, - деп агынан жарылды Кыргыз Республикасынын Президентинин туштук аймагы боюнча толук ыйгарымдуу окулу Жанторо Сатыбалдиев. – Каналдарды бышыктап, тосмолоону кучотуубуз абзел. Башка жол жоктой туюлат. Себеби, акыркы он эки жылда Шорсуу беш ирет ташкындаптыр. Аба ырайына ишенич жок, бугунку жагдайда дагы коркунуч туудурушу толук ыктымал.
Жалпакташ айыл окмотун борборго байланыштырчу эки чон копуро кулагалы аран турат. 20 жандык, 4 бодо мал олумго учураган. Эки уй жашоого таптакыр жараксыз. 100 гектар айыл чарба багытындагы жер кыянга кабылып, тушумдон кол жуулду. Айыл окмотунун кенсеси да бычак мизинде.
А Мырзаке айыл окмотун бойлогон Ловчий каналы да ашып-ташып, Обком айылындагы 40 уйду ылай баскан. Элеттиктердин айтымында, ушул тапта кыштакта таза суу проблема, жарыгы жанган там жок. Огороддор эмдигиче сугарылбай, отоо чоп басып жатат.
Губернатор Жанторо Жолдошевич озу ээрчитке барган район акими /сонбай Абдыраимовго, облустук жана жергиликтуу тармактык жетекчилерге таза суу, жарык, жер тилкеси, ссуда, гумжардам, уйлорду тазалоо, жугуштуу дарттардын алдын алуу багытында кечиктирилгис милдеттерди такты. Чыгымдарды торт кун ичинде эсептеп бутурууну буюрду.
- Чамдагыла! Ар мунот бизге каршы иштеп атат. Анын устуно жаздын бир куну жылга тете эмеспи, - деп облустук бийликтин башчысы Ж. Сатыбалдиев аткаминерлерди катуу тартипке ундоду.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма соз катчысы