К?чм? жыйын баяны
КАРАКУЛЖА, ТОКТОБОГУН, АЛГАЛА!
Минткенибиздин да ж?н? бар. Облустук к?чм? коллегиянын ж?р?ш?нд? байкалгандай, басымдуу тармактардагы к?рс?тк?чт?р чеке жылытпайт. Ийгиликтерди камсыз этпеген жетекчилерге таасир эт?? жышааны дегеле сезилбейт.
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын б?л?м башчысы Шухрат Сабиров баяндагандай, былтыр ?н?р жай продукцияларын ?нд?р?? темпи - 102,7, чекене товар ж?г?рт?? - 101,4, акы т?л?п кызмат к?рс?т?? - 101,1 пайызды чапчыды. Салык т?л?мд?р? - 115, жергиликт?? каражаттарды топтоо планы 137 пайызга аткарылды. Районго 92 миллион сомдук инвестиция тартылып, фермердик жана дыйкан чарбаларын жандандырууга, жеке ишкерлердин демилгесин арттырууга, бир катар обьектилердин курулушуна, ремонтуна жумшалды.
Каракулжа, Чалма, Ылайталаа, Ке?еш, Каракочкор айыл ?км?тт?р?нд? дан, Алайкуу, Ойтал, Кызылжар, Сарыбулак, Карагуз айыл ?км?тт?р?нд? картошка ?нд?р?? абдан начар. Эт, с?т, ж?н планын Алайкуу ?р??н?нд?г? айыл ?км?тт?р? толтурган эмес. Ижара акысын жыйноо дурустай к?р?нг?н? менен, Кашкажолдо, Каракочкордо 2838 гектар аянт себепсиз айдалбай калган. Мал чарба продукцияларынын так эсеп-кысабы жок. Ветеринардык кызматтын ?кс?г?н?н улам сибирь жарасы ыла?ы тарап, бруцеллез к?ч?г?н. Бюджеттик ссудаларды жоюу чабал. Япон гранттарын кайтаруу дагы таптакыр эстен чыккандай.
Раймамадминистрациянын отурумунда каралган м?ч?л?шт?рд? четтет?? талабынын аткарылышын к?з?м?лд?? ойдогудай эмес. Ошон ?ч?н электр энергиясына, телефондук байланыштарга карыздар ж?р?к сыздатат. Жер-жерлердеги жолугушууларда к?т?р?лг?н проблемалардын кайсынысы б?тк?р?лг?нд?г? туурасында так маалыматтар жок. Мисалы, губернатор Ж. Сатыбалдиевдин жеке к?з?м?л?нд?г? Капчыгай айыл ?км?т?н телефондоштурууда жылыш байкалбайт. Абдымомунов атындагы орто мектеп дале авариялык акыбалда. Терек фельдшердик-акушердик пунктунун курулушу эмдигиче б?тп?г?н.
Айыл ?км?тт?р?нд? иш кагаздарын ж?рг?з?? ка?ырыкты т?т?т?т. Маселен, Сарыбулак айыл ?км?т?нд? 2006-жылга иш план т?з?лб?г?н. Жогорку органдардан т?шк?н документтер таптакыр катталбайт. Бюджет, индикативдик к?рс?тк?чт?р эптемей, саргарган барактарга чиймеленген. Катчылардын т?ш?н?г? тайкы.
Каракулжа акими Жа?ыбай Асранов жооп иретиндеги с?з?нд? негизги м?ч?л?шт?рд? моюндады. Анан ?з позициясын билдиргенге ы?гай тапты. Маселен, статмаалыматта 20 ми? кошуп жазылган койду кыскартканда ж?н планы азайгандыгын, кургакчылыктан улам картошка т?ш?м? начарлагандыгын, ?м?р?нд? б?тп?г?н Буйга к?п?р?с? ишке салынгандыгын, Алайкуу аймагына 30 орундуу мейманкана курулгандыгын, облустук комиссия мекеме-умдарды чала текшергендигин, жарандардын арыз-му?ун териштир?? эч качн кечиктирилбегендигин, таза суу программасы коррупцияга бекем чырмалгандыгын, Кытай техникаларынын эсебинен лизингдик компания уюштурулгандыгын, жумуш орун т?з?? ?ч эсе к?б?йг?нд?г?н саймедиреди.
Облмамадминистрациянын коллегия м?ч?л?р? Ж. Сатыбалдиев, К. Тезекбаев, Б. Б?рг?ев, А. Касмалиев акимге ?ст?кк?-босток собол жаадырып, а т?г?л райондук де?гээлдеги ?лк?н аткаминерлерди килемге чакырышты. Кыскасы, диалог курч м?н?зд? ж?рд?.
Губернатор Ж. Сатыбалдиев акимдин жа?ы экендигин к???лг? т?й?п, катуу эскерт?? багыштады. Ал эми калган мурдун балта кеспеген жетекчилерге азырынча с?г?ш жарыялады. Кийинки отчет убагында б?г?нк?д?й аямай жок.
Басма с?з кызматы маалымдайт
ИШТЕСЕ?, ИЙГИЛИК ЖАНАШАТ
Каракулжа районуна караштуу Тоготой айылындагы «Б?ч?р» балдар бакчасында 140 б?б?к тарбияланат. Мекеме башчысы Ширин Бокоеванын тынымсыз аракетинен улам шарт кыйла жакшырган. ?зд?к чарба к?т?лг?н. Бир гектар аянттан мол т?ш?м топтоо адатка айланган. Ошого карабастан «Б?ч?р» капиталдык ремонтко жана эмеректерге муктаж. Губернатор Ж. Сатыбалдиев жаш жеткинчектерден эч нерсе аябастыгын, аким жана айыл ?км?т? менен биргеликте к?м?кт?ш??р?н маалымдады.
Аталган айылдын жашоочулары жолугушуу учурунда таза суу, электр энергиясына эски карыздар, жайыт, ?р?н, к?й??ч?-майлоочу май, паспорт проблемаларын катуу козгошту. Ушундай эле к?йг?йл?р Жант?р? Жолдошевич мал базарды аралаганда да к?т?р?лд?. Ар бирине ынанымдуу жооптор кайтарылды.
Жант?шев атындагы орт мектеп 2005-жылы табигый кырсыкка кабылып, суу басып, ичинен ураган. Директор Г?лнара Касымбаеванын айтымында, бул жер илгери малкана катары салыныптыр. Былтыртан бери элет балдары чайканада окуп жатышат. Облус жетекчиси жа?ы курулушту эртелет??н? акимге, айыл ?км?т?н? баса табыштады.
Баш дарыгер Абдиваит Сулайманов райондук борборлоштурулган ооруканада канализация жоктугуна, педиатр жетишсиздигине, эмеректер жана жууркан-т?ш?кт?р та?кыстыгына даттанды. Антсе да, 26 доктур, 160 медициналык кызматкер к?н?-т?н? калк саламатчылыгынын камында.
Сай айылы коркунучта. Тар ?з?н? кирсе, ?йл?рд? чекесинен чайкап т?ш??р? кашкайып к?р?н?п турат. Ошондуктан, тосмолорду бекемдеп, дарыяны башка нукка бурууну эртелет?? абзел. Т?р?бек палван атындагы борбордук стадион 1984-жылы тикеленген. Акыркы жылдары кароосуз калган. Чеке-белине ишкерлер АЗС куруп алышкан. Эми буларды иретке салып, спортту кайра жандандыруу о?богондой каражатты талап кылат.
Райондук китепкана, мактабайлы, бирок, кирген кишини зериктирбейт. Ар б?лм?с? заманбап жасалгаланган. Директор Мырзайым Сагынбаева 1994-жылдан атайын каражат б?л?нб?й жатканын, антсе да, китептерди гранттардын эсебинен сатып алып атышкандыгын кабарлады. Учурда адабияттардын саны 62 ми? даанадан ашат.
Облус башчысы Ж. Сатыбалдиев татынакай саамалыктарды тартынбай жайылтуу керектигин кыйытты. Ошондой эле чубалган маселелердин орчундууларын караштырып к?р??н?, же?ил-желписин жергиликт?? бийлик б?т?р?? зарылдыгын кошумчалады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма с?з катчысы