Мындайды к?тп?г?н элек
АКИМ МАКТАНДЫ. ВИЦЕСИ АКТАНДЫ
Кимден чочулашты, билбейбиз. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Карасуу районундагы к?чм? жыйынына массалык маалымат каражаттарын милиция жолотпой мукуратты. Акимдин биричнчи орун басары Ахмаджан Махаммадовдун т?зд?н-т?з кийлигиш??с?н?н кийин гана ичкериге кирип, милдетибизди аткарууга кириштик.
Ош облустук мамлекеттик администрациясынын агрардык ?н?г?? б?л?м?н?н башчысы Жуманазар Камалов билдиргендей, район боюнча былтыр 3 миллиард 463 ми? 565 сомдук д?? продукция ?нд?р?л?п, ?с?? темпи 105,3 пайызга аткарылды. Алгылыктуу аракеттерди кемчиликтер коштоп ж?рг?нд?г?н тануу жарабас.
Эт, с?т, ж?н, жумуртка продукцияларынын эсеби бардык айыл ?км?тт?р?нд? ?ст?рт?н ж?рг?з?лг?н. Ошондуктан, к?пч?л?к маалыматтар к?м?н жаратат. Ошондой эле салык т?л?мд?р?н?н кутулуу жайында эмес. Мисалы, айыл ?км?тт?рд?н Савай жыйымдын - 9, Отузадыр, Кашгаркыштак – 8, Кызылкыштак, Кызылсуу жана Папан – 7 т?р?н?н планын толтурбай уят кылышты. Кайра б?л?шт?р?? фондунун жеринен салык, ижара акысын ?нд?р?? к???л гана оорутат.
Райондо мамлекеттик бюджеттин эсебинен б?л?нг?н ссудаларды кайтаруу да жокко эсе. Тагыраагы: былтыр бир да сом ээсине тапшырылбагандыктан, укук коргоо органдарынын кийлигиш??с?н талап этип турган чак. Мында Папан, Кашгаркыштак, Кызылсуу, Отузадыр айыл ?км?тт?р? каша?дыгын тастыктап кашайтууда.
Былтыр ички жана тышкы инвесторлордун эсебинен 511 миллион 911 ми? сом тартылды. Жалпы жонунан 5987 долбоор ишке киргизилди. Ошентип, мынча каражат калктын турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Бирок, район аймагында кредиттик союздарды, кооперативдерди уюштуруу жагы каша?.
Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу начар акыбалда. Былтыр 3971 гектар кысыр калган. ?к?нт??рл?к жагдай: 2006-жылы 426,5 гектар сугат аянт турак жай курууга энчиленген. Мында эч ким болочок туурасында ойлонбогондугу ич ачыштырат. Э? кызыгы: райондун мектептеринде кенже каласстын окуучуларына т?з?лг?н шарт ?з?нч? с?з кылууга «татыктуу».
Райаким Марат Жумабеков атайын графиктин негизинде ар кыл жыйындарга катышып турат. Тилекке каршы, ар иш-чара боюнча протокол жазылбайт, эмне маселе козголуп, кандай тапшырма буюрулгандыгы туурасында так маалымат жок. Кадрлар резерви, гендердик те?чилик ж?н?нд? ке?ири иликт?? байкалбайт. Айыл ?км?тт?р?н?н аткарчу жумуштары таптакыр б?д?м?к.
Жарандардын арыз-му?у т?з?кт?п ты?далбайт. Анын айынан карасуулуктар аргасыздан Ош жана Бишкектеги Ак?йг? даттанууга мажбур. Ж?й??л?? доомат укук коргоо органдарына тиешел??. Анткени, алардагы терг?? процесси к???лд?г?д?й эмес.
Карасуу районунун акими Марат Жумабеков акылдуу кыйтыр эмеспи, облмамадминистрациянын маалыматында кыстырылган фактыларды жалпы жонунан моюндады. Бирок, ошол эле учурда каяша айтканга жарады. Башача айтканда, т?м?нд?г?л?рг? кыскача токтолду.
- 2006-жылга болжолдуу план чиймелегенбиз. Жыйынтыгы кудайга ш?г?р. Антсе да, кемчиликтерден куру эмеспиз, - деп М. Жумабеков агынан жарылды. – Агрардуу район экенибиди танбайбыз, андыктан, айыл чарба к?рс?тк?ч? 105 пайызды чапчыды. ?н?р жайы гана 85,6 пайызды т?зд?. Былтыркы катаал климат ?н?г??б?зг? кыйла терс таасир этти. Ошого карабастан со?ку кезде дыйканчылык маданиятын жогорулатып, кооперативдерди к?б?йтк?нг? ыктадык. Кыска м??н?тт? 400 жумуш орун таап, 20 миллион сомдон ашыкча продукция ?нд?рд?к. Болочокто Акталаада алтын кенин ишке киргизсек, дагы байыйбыз. Ал эми пахта Мекени экенибизди танбайбыз. Бул багытта проблема бар. Аны, буюрса, теске салабыз.
Аким М. Жумабековду да т?ш?нс?к жарашчудай. Арийне, анын орун басары Жамийла Баитовага, райстат башчысы Ширин Толубаевага эмне жок. Губернатор Жант?р? Сатыбалдиевдин «Акимге адвокат болбо?уз?» дегенине карабастан, ийгиликтерин санактоодон тажабай, залдагыларды абдан иренжитишти.
Кооператив, участкалык милиция, суу жана ижара акысы, кредиттик союз, чекара, ветеринария, мал ыла?ы, салык топтоо, электр энергиясына т?л?мд?р, укук коргоо жана сот органдарындагы адам тагдырына кайдыгерлик, турак жай жана жер, к?з боемо статистика, медицина, кадр жаатындагы адилетсиздик маселелери коллегия м?ч?л?р? тарабынан убагында козголуп, акимден тартып башка майда аткаминерлерге чейин ачуу кеп угушту. Суроолорго к?б?нч? о? жооп табалбай чайналышты.
- Карасуу Ош облусунун гана эмес Кыргызстандын тагдырын чечч? район, - деди губернатор Жант?р? Жолдошевич. – Андыктан, туура сынды чычалабастан кабылдап, о? жыйынтык чыгарууга к?нг?л?. Эми мындан ары ар бири?издердин жоопкерчилиги?издер катуу суралат. Тууганчылык, тааныш-билишчилик шоона эшпейт.
К?чм? жыйын катышуучулары ж?н тараган жок. Облмамадминистрациянын коллегия м?ч?л?р? айрым жетекчилерди катуу тартипке чакырышты. М?ч?л?шт?рд?н арылууга убакыт белгиленди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма с?з катчысы