title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

•  Жасалма душман ойлоп таап

«БИЙЛИКТИН БАШЫН АЙЛАНТЫП ЖАТЫШАТ», - ДЕП ОШТУК МУСУЛМАНДАР МУФТИЙГЕ ЖАНА ДИН АГЕНТТИГИНЕ ТИШ КАЙРАП ОЛТУРУШАТ

Мен билгенден оштун мусулмандары моминтип маўдай-тескей олтуруп, мынчалык ызылдашкан эмес. Демек, диний тирешїї улам чыўалып, жарылуу чегинде турганы ачык эле билинип калды.

– Дин тутунуу мїмкїнчїлїгї кеўири тїзїлгєндїктєн, мектептен мечит кєбєйїп баратат. Тилекке каршы, дилибизде тазаруу жок. Меке, Мединага он-он беш жолу каттап атып, ажылыкты бизнеске айланттык. Бурадарларыбыз эки-їч топко бєлїнїп, муфтиятты, казыятты, имамдарды, дин агенттигин ашата сєгїп, амал талашканы кудайга да жакпастыр, - деп Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облусунун губернатору Жантєрє Сатыбалдиев катуу кїйїндї. – Ушундай кырдаалдан пайдаланып экстремисттик маанайдагы хизбут-тахрирчилер арбыды. Алардын сабына катын-кыздар кошулуп аткандыгы, албетте, єкїнїчтїї. Дин мамлекеттен эбак ажыратылган, ошентсе да, эч ким элди динден бєлгєн эмес, антпейт дагы, акысы жок.

- Жантєрє, мен сага таптакыр кошулбайм! – деп кыйла кызаўдады Жусуп ажы Султанов. – Ажы башчылар акча ашаганы – жалган-жалаа. Мамаюсуповдун кезектеги єрдєгї. Биздин єлкєдєн Кыргыз паспорту менен Мекеге жєнєтїлгєн Кытай, Єзбек жарандарын эмне їчїн улуттук коопсуздук кызматы текшербейт. Баарынан мурда молдо, казыларга маяна тєлєп, полномочиесин аныктап коюшпайбы. Жєн эле жєєлєш кажетсиз. А Хизбут-тахрир – секта, динге кыпындай тиешеси жок. Ага не мынча кїйїгєсїўєр, тїшїнбєйм.

Акыйнектин чырагына республикабыздын дин агенттигинин директору Ємїрзак Мамаюсупов ого бетер май тамызды: - «Имамдар Хизбут-тахрирден коркот, себеби, сабатсыз, мажирєє» дегендерге тїк ишенбейм. Бул ислам кїчїн алсыратууга далалаттанган кара кїчтєрдїн жомогу.

– Ушул тапта Ошту каалагандай жойлогон їч диний агым коркунучтуу. Биринчиси, акромий. Аллахты тааныйт, бирок, пайгамбарга ишенбейт. Жалаў майда ишкерлердин башын коштуруп турат. Былтыр булардын 30 мїчєсї Анжияндагы козголоўго барып катышып, алтоосу каза тапты. Экинчиси, Хизбут-тахрир партиясы. Булар да єзїн-єзї каржылайт. Фергана єрєєнїндє ФАНО (Халифат) курууну эўсеп жїрїшєт. Їчїнчїсї, эў опурталдуусу вахабийлер. Уюгу Пакистанда жана Сауд Аравиясында. Жалаў террактыларды уюштурат. Мекендештер, бирибиз экинчибизди айыптоонун ордуна ушул балакеттерге каршы жапырт согуш жарыялабайлыбы? – деп Ош облустук ИИБсынын бєлїм башчысы, полковник Шакирдин Зулуев залдагыларды тынчтандырууга аракеттенди.

Ислам борборунун директору, дин изилдєєчї Камчыбек Ємїрзаков: - Єлкєбїздє ислам динине карата туруктуу саясат жок. Президент Бакиевдин позициясы да айкын эмес. Кечээ эле «Аскар Акаевич, биз сизсиз жашай албайбыз!» деген Жуманов, Мамаюсупов бїгїн Курманбек Салиевичти дале тегеректеп жїрїшєт. А коррупциянын анык уюгу мурдагыдай эле муфтиятта, дин агенттигинде жатат. Дагы кейиштїїсї: дават – ислам баалуулуктарын инсандарга жеткирїї, демек, диний экстремизмге кайнаса каны кошулбайт. Кудай урбадыбы, эми ошол даватчыларды дин агенттиги душманга айлантып, бийлик кєзїнє бєєдє мокочо кєрсєтїп жатышат, - деп олуттуу пикир таштады.

Ал эми белгилїї диний ишмер Садыкжан Камалов бура бастырбай артынан аўдыган чекисттердин короосуна таш ыргытып, анан: «дин агенттигин министрлик даражасына кєтєргєндє гана алга жылабыз», - деп кошоматкєйлєндї.

Ош облусунун биринчи вице-губернатору Кушбак Тезекбаевдин: «Єзбекстандын Президенти Каримовду сыйлап калдым. Мамлекетте темирдей тартип орнотуп койду. Менимче, дин бузарларды илгеркидей таш бараўга алган оў. Антмейинче тыйылбайт. Муфтийдин крышасы алладан кийинки адам болсо да, жазалоо абзел», - дегени чогулгандарды кыйла дїрбєттї.

Баса, дарегине багышталган ачуу сынга дин агенттигинин директору Ємїрзак Мамаюсупов, Ош облусунун казысы Сїйїн Калыков їндєбєстєн кутулду. Муфтийдин орун басары Сїйїнбек Кулуев атайы даярдалган докладын окуп киргенде залдагылар алакан чаап атып трибунадан тїшїрїп коюшту.

Кыскасы, атайы чогулган Оштун мусулмандары баш кошууга батынышкан жок. Крыловдун тамсилиндегидей, жеке кызыкчылык їстємдїк кылып, ар кимиси туш тарапка ынтылды. Дале кеч эмес. Буларды жаркын болочок їчїн бириктирчї кїчтєр табылаар бекен?

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg