title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

•  Басма сєз кызматы кабарлайт

«АРМАНЫБЫЗ АТТЫН БАШЫНДАЙ»

КАРАКУЛЖА районунун айылдарын кыдырганыбызда жалаў ушундай маанайдагы кепти эшиттик. Атаўдын гєрї, чындап элеби? Айласыздан мындай ойго да кептелдик.

ЖАЎЫТАЛАА кыштагында сууну тээ алыскы дарыядан ташып ичишет. Їлїш жерлерди да сугаруу єзїнчє машакат. Ушундай эле акыбал Кеўеш айылында. Бирок, тїйшїктєн арылтчу жол табылды. Коўшулар менен масилеттешип, ташкындап агып жаткан Тар єзєнїнєн сугат суу бурууга мїмкїнчїлїк бар экен. Ал эми таза сууну АРИС программасы аркылуу эртелетїї оў болчудай.

Талашка тїшкєн мечит, курулбай калган мектеп тегерегинде кеп жїргєндє, Карагуз айыл єкмєтїнїн башчысы Болотбек Мамытовдун, райаким Жаўыбай Асрановдун дарегине губернатор Жантєрє Сатыбалдиев ачуу сын агытты. Анткени, биринчиси кеўсе жанына ыйык жай салууга кєнїп, кол койгон. Экинчиси республикабыздын курулуш жана архитектура агенттигинин директору Ишенбай Кадырбеков менен талашып-тартышып жатып жаўы агартуу журтунун быйыл тикеленишине жолтоолук кылган.

Райондук ардагерлер Кеўешинин тєрагасы Ноябидин Салиев сот реформасын ыкчамдатууну суранып, Фемида короосуна чоў таш ыргытты. Бул багытта каракулжалыктар Президент Курманбек Бакиевдин элге соўку Кайрылуусун колдоорун, єлкє башчысынан чечкиндїї кадамдарды кїтєєрїн да жашырышкан жок. Аны башка сїйлєгєндєр да кубатташты.

1-МАЙ айылы электр энергиясынан 3 миллион сом карыз. Муну «Ош-Электро» акционердик коомунун генералдык директорунун биринчи орун басары Кушбак Тойгонбаев ташка тамга баскандай бекемдеди. Ошондуктан, жанатан бери жєнсїз кыйкыргандар оозун жапты. А тїгїл «Чоў кыштакпыз. Єзїнчє айыл єкмєтїнє айландыргыла!» дегендер куйругун тїйїштї.

Антсе да, таза суу долбоорунун жетекчилигине эл катуу асылды. Кєрсє, мунун да жєнї бар экен. «Ошстрой» ишканасы бїткєрїп, 2005-жылы тапшырган обьектилерден эмдигиче суу чыкпай атыптыр. Ошондон улам Ж. Сатыбалдиев окуянын чоо-жайын кенен-чонон чукул арада териштирїїнї район прокуроруна табыштады.

Быйыл тыюу салынса да, 1-майлыктардын жайытына єзбекстандыктар малын жайлаган. Мында кєзємєлдї начар жїргїзгєн айыл чарба департаментинин начальниги М. Кєкєев губернатордон катуу тил укту. Бирок, мурду эзели балта кеспеген Муса мырза бул сапар ойгоноор бекен?

Кыдырган айылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї Ж. Сатыбалдиевге элеттиктер чарбалык канал, мал базар, кырсыкка кабылган їйлєр, телефон маселелерин кабыргасынан коюшту. Жантєрє Жолдошевич кєпчїлїк жергиликтїї кєйгєйлєрдї убагында чечкенге далалаттанбаган айыл єкмєттєрї Алмаз Мааткеримовго (Кеўеш), Тажимамат Абиловго (Каракулжа) акыркы ирет кулак кагыш кылды.

Сапарынын соўунда Ж. Сатыбалдиев Тоготой кыштагынын жашоочулары менен талаада учурашып, Кашкажол айыл єкмєтїнїн жаш башчысы Бакыт Бекиевдин жїргїзїп жаткан ишине ичи жылыгандыгын туйдурду. Жалпы эл-журтка ынтымакчылык, бакубат турмуш каалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

 

 

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg