title.jpg (46480 bytes)

Добро пожаловать на сайт Государственной администрации Ошской области!

Новости
Губернатор
Промышленность
Бизнес и Экономика
Социальная политика
Туризм
Сельское хозяйство
Районы
История г. Ош
Фотогалерея
Справочник

 

•  Жумушчу сапар баяны

Жантєрє САТЫБАЛДИЕВ: «ОЙГОН ДА, ОЙЛОН, ЗАМАНДАШ!»

Кєздї жуумп ачкыча жаўы окуу жылы босогобузду аттайт. Бирок, айрым агартуу журттары буга караманча даяр эмес.

Єзгєн районундагы Полот Жолдошев атындагы орто мектебинде 1046 бала їч мєєнєттє тыгылышып окучу. Ошондуктан, 320 орундуу кошумча жаўы курулуш былтыр башталып, аягына чыкпай калган. Быйыл Єкмєт 3 миллион 900 миў сом карап, анын 1 миллион 200 миўи казынага тїштї. Антсе да, бышык кыш проблема. Материалдын акчасы Оштогу «Акташ» акционердик коомуна эбак которулса да, директор Эмилбек Касымалиев кезек кїттїрїп жалдыратып аткан кез. Кыргыз Республикасынын Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, Ош облусунун губернатору Жантєрє Сатыбалдиев Єзгєндїн акими Ї сєнбай Абдыраимовго, Кызылоктябрь айыл єкмєтїнїн башчысы Бактыбек Алайчиевге, капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Асылбек Жамшитовго кєйгєйдєн чукул арада арылууну буюруп, облмамадминистрациянын атынан мектепке 50 миў сом ажыратаарын билдирди.

Ара чолодо облустук мамлекеттик бийликтин башчысы Ж. Сатыбалдиев Кызылоктябрь, Куршап айыл єкмєттєрїнїн аймагындагы талааларды, кєпїрє, мектептерди кыдырып, ичи тызылдаганын жашырган жок. Мисалы, 956-ДЭПке караштуу Куршап кєпїрєсї аварияга кабылганына мына їч жылга аяк басты. АРИС 376 миў сом бєлсє да, дале оўдолбой турат. Ошонун кесепетинен жергиликтїї калк ондогон чакырым айланып убара чегип жатат. Ал эми Токтогул атындагы орто мектептин спорт залын єзгєчє кырдаал министрлиги толук бїткєрбєй чала таштаган. Директор Урият Жапарканованы, мугалимдерди да жумуш їстїнєн таппадык. Мектептин айланасындагы бир гектарга чукул аянт бозоруп жатат. Аттиў… Мынчалык жер Кытайдын, же Єзбекстандын колуна тийгенде, эмдигиче гїлдєтїп салышмак.

- Жамбаштап эле жатат экенсиўер да, - деп Жантєрє Жолдошевич Куршап айыл єкмєтїнїн башчысы Бакытбек Мадымаровду катуу тилдеди. – Окуучуларга карыштан бєлїп, эмгектенїїгє тарбияласаўар деле, утмаксыўар. Жакын арада мїчїлїштї четтетпесеўер, таарынбагыла!

Куршаптын, Кызылоктябрдын талаалары жакшылап каралбагандыктан улам отоо чєп басыптыр. Жолдорду суу басып жатат. Эгилген єсїмдїктєр да начар тїшїм берчї кейипте. Демек, айыл єкмєттєрї «бары менчик, жумшасак, тилибиз єтпєйт» деп бечараланганына жїрєгїбїз чындап ооруду. Элди уюштуруп, таза суу, стадион, мектеп, бала бакча, техника, канал, жер, жол маселелерин чечкенге мїмкїнчїлїк бар экен. Тилекке каршы, Б. Алайчиев, Б. Мадымаров да ыкшоолукка жетеленгени байкалат.

Ошентсе да, Мыскал Арстанова жетектеген «Чокуташ» коомдук фонду жыйырма чакты балдар їчїн борбор уюштуруп, бир эле мезгилде эс алуусуна жана иштєєсїнє єбєлгє жаратканы кєўїлїбїздї кєтєрдї. Кароол айыл єкмєтїнїн башчысы Бекболот Имаров имарат таап, оў далысын салган экен, социалдык жактан коргоо министрлиги жардам иретинде 203 миў сом ажыратыптыр. Улан-кыздарыбызды кєчєдє бош колоктотпой, салкын жайда мээнеттенїїгє жана маданиятын єстїрїїгє тарбиялап жаткан чакан жамаатка ийгилик каалап тизгинди бурдук.

«АРБ-строй» жоопкерчилиги чектелген кому Саламалик айыл єкмєтїндє 350 орундуу Мениза Сагынова атындагы орто мектепти тикелеп аткан экен. Буларда да бышык кыш кечеўдеп, санаага батып жатышыптыр. Антсе да, агартуу журтун 27-августка карата бїтїрїїгє катуу убада кылышты. Аман турсак, анысын да кєрєєрбїз.

Мырзаке кыштагында жана Єзгєн шаарында губернатор Ж. Сатыбалдиев мечиттерге баш багып, калыў калк катышкан жыйында сєз сїйлєдї. Мусулмандарга адегенде бакыбат саламатчылык, тынч турмуш, жаратман тїйшїк жана бекем ынтымакчылык каалады.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы

Ainoaagnoaaiiue eioagiao iigoae

Iigoae ainoaagnoaaiiuo oneoa

Oaiogaeeciaaiiay aaca aaiiuo EG

EIAOE "Eaaag"

Igaceaaio Eugaucneie Ganioaeeee

?iaigeo Ea?ao Eugaucneie Ganioaeeee

Eiiieaeniay iniiaa gacaeoey Eugaucneie Ganioaeeee

Caeiiiaaoaeunoai EG

Aaaouee igiaaeaag Eioagiao a EG

Ioeguoue Eugaucnoai

webmaster: Т. Тolonov
e-mail:
taalay@osh.gov.kg