Жумушчу сапар баяны
АСКАСЫ АСМАН ЧЕЛГЕН АЛАЙКУУДА
Аскасы єтє бийик асман тиреп,
Ал жерге тїрмєктєлгєн булут тїнєп.
Мекеним – киндик каным тамган жерим,
Алайкуум – мага мїрєк жана тїнєк.
Токтакун ТАБАЛДИЕВ
Алайкуу єрєєнїнє караштуу 13 айылдын эли-журту узакка созулган быйылкы кышта изоляцияда калганы жалпыбыздын эсибизде. Жалгыз гана Каракулжа районунун акими Жаўыбай Асранов єйдє-тємєн чапкылап кїйїп-бышып, кїнї тыным, тїнї уйку кєрбєй калк арасында кошо тїнєп, тїйшїгїн чогуу тартып, духун кєтєрїп жїрдї.
- Тээ Союз маалында Алайкуу «солк!» этсе, Москва «болк!» дечї. Эми мынабул Бишкекти былкылдатмак тїгїл, мобул Ошко, Каракулжага каттаганга зарбыз , - деп элет эли кїйїтїн тєгїп, кыйла єпкєлєдї.
- Туугандар, сиздердин акыбалыўыздарды атайы кєрїп-билип, анан орчундуу маселелерди чечїї максатында алдыўыздарда турабыз. Ырас, быйылкы сиздер тарткан кыйынчылыктарды кудай эч пенденин башына салбасын, - деп КР Президентинин тїштїк аймагы боюнча толук ыйгарымдуу єкїлї, губернатор Жантєрє Сатыбалдиев калайыкты сооротконго жарады. – Мурунку бийлик калайыктын муў-зарын укпай жїрїп, єлкєбїздїн булуў-бурчу бїтїндєй козголуп, 24-мартта тагын таштай качты. Ошол себептїї биз мындай жаўылыштыкты кайталабаска, дубаныбыздын ар айылына дейре барып, жергиликтїїлєрдїн кебин тыўдоого, алаканы тыгыздатууга аракетибиз кїч.
Алайкуулук туугандар бетке чабаар эмеспи. Облустук бийликтин дарегине соболдорду суудай агызышты. Каракулжа-Кєгарт автожолун чукул арада оўдоп-тїзєп, анан такай кєзємєлдєбєсє, тыш дїйнє менен байланыш чындап кыйындады. Мунун айынан кыштактарды таштап, жалаў жаштардын сырт жактарга кєчїїсї арбып баратат. Какаганга муштагансып, медициналык тейлєє да ойдогудай эмес. Кадрлар, айрыкча хирург, тишдоктур, акушер, фельдшер адистери тартыш. Ильич шамы негедир тез-тез єчїп, телевизор тунук кєрсєтпєйт. Радио да кашайып оўдуу тартпайт. Ошондуктан, єлкєбїздєгї, дїйнє жїзїндєгї жаўылыктардан карапайым калк кабарсыз.
Токойго кєзємєл чабалдыгынан, баалуу карагай-арчалар кыйылып, тоолуу аймактын кєркї бузулуу кейпинде. Канкоргондогу жападан жалгыз кємїр кени бїтїндєй єрєєндїн элин, ошондой эле мектеп, башка мекеме-уюмдарды «караалтын» менен камсыздоого кудуреттїї. Тилекке каршы, чакан ишкана жетекчиси Алимбек Толубаевдин кайдыгерлигинен, менеджерлик жєндємїнїн тємєндїгїнєн улам кємїр єндїрїї малелеси ишенчиликтїї нукка тїшкєн эмес.
«Чегирткеден корккон эгин экпейт» демекчи, былтыркы кургакчылыктан жалккан кєгарттыктар, канкоргондуктар быйыл їлїш жерлерине гана эмес, жадесе огородуна да дан єсїмдїктєрїн сеппей койгон. Андыктан, элеттиктер келерки кышта азык-тїлїксїз калуу коркунучунда. Мындан тышкары айрым аймактарда їлїш жерлер дале поблема. Жаш їй-бїлєлєргє турак жай салуу тїшкє айланып олтурат. Чарбалар аралык ички жолдор эбак бузулгандыктан, тоют оруп-жыюу, ташуу чоў кєйгєй.
Кыргыз Єкмєтї айыл банктарын уюштурууну эртелетсе, кредит саясаты жолго коюлмак. Ошондо минтип кїйїїчї-майлоочу заттарга зарыкмай, курулуштар бїтпєй, жер кысыр калышы, орто жана чакан бизнестин солгундашы бїгїнкїдєй проблемага айланбайт эле.
Соўку жылдардагы табигый кырсык Кєгарт, Кєўдїк, Сарыбээ айылдарын кыя єткєн жок. А тїгїл адам ємїрлєрї да бєєдє кыйылды. Эми жабыр тарткандарга ссуда, ашып-ташкан дарыяларды ооздуктап тосмолоо баш оорутуп аткан кез. Мындан тышкары Бєрїтокой, Аметжан Абдымомунов, Сабыркул Нурмамамт уулу атындагы мектептер авариялык акыбалда, же кошумча класстары бїтпєй турат. Ошондой эле айрым кыштактарда социалдык обьектилердин карааны жок, а тїгїл кээ бирлери менчиктештирилип, же башка уюмдарга энчиленген.
600 сомдун тегерегинде акча чегерилген пенсионерлер Алайкуу єрєєнїндє толтура. Мисалы, Кїйєєташ айылынын тургуну, жалгыз бой Баатыр Эне Бїсаадат Атырова 25 жыл бою Кызылжар ооруканасында эмгектенип, эс алууга чыккан. Эмдигиче карылык маянасы кєбєйбєйт. Балдарынын да пособиесине сокур тыйын кошулбаптыр. Демек, ыйлаганчалык бар экен.
Сабажарды жайлоосунда алтын кени бар. Аны Акаев доорунда геологдор чалгындап, сапаты мыктылыгын тастыктаган. Эгерде бул жай ишке киргизилсе, канчалаган жаштар жумушка жайгашып, бала-чакасын бакмак. Бул туурасында кам жеген жетекчи жок.
Оштун губернатору Жантєрє Жолдошевич бир да суроону жоопсуз калтырбады. Адегенде ээрчите барган облустук жана республикалык алкактагы жетекчилерди сїйлєтїп, убадасын уктуруп, аткарылуу мєєнєтїн белгиледи. Ошондой эле район, айыл єкмєт башчыларын жана жергиликтїї калкты жапырт аракеттенїїгє, «алма быш, оозума тїш» деп жамбаштап жатпастан, жеўил-желпи маселелерди ынтымакчылыкта чечїїгє їндєдї.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Ош облус губернаторунун басма сєз катчысы